Ошто транспортто жол акысы көтөрүлдү

Ош шаарында 21-октябрдан тарта транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Кичи маршруттук автобуста 10 сом, коомдук автобуста 8 сом, троллейбуста 6 сом болот. Транспорт таңдан кечки 9га чейин жүрөт.

Кечээ күнү Ош шаардык кеңешинин депутаттары транспортто жол акыны 2 сомго көтөрүү боюнча токтом кабыл алды. 21-октябрдан баштап токтом күчүнө кирет.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Шайлообек Атазов баанын кымбатташына учурда күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбат болушун жүйөө келтирди.

Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

«Бүгүнкү күндө Ош менен Бишкек шаарларынын статусу бирдей. Бишкекте мындан 2 жыл мурун эле жол кире баасы көтөрүлгөн. Ошто борборго салыштырмалуу солярканын баасы 2 сомго, тетиктердин баасы да кымбат. Айдоочуларга да кыйын болуп жатат. Кышкысын дөңгөлөктөрүн да алмаштырыш керек болот. Акыркы бир жарым жыл аралыгында унааларын сатып, иштебей койгон айдоочулардын саны 225ке жетти»,- деди Ш.Атазов.

Баанын көтөрүлүшүнө жараша талаптар да коюларын айтты.

«Санитардык тазалыгын, авариалык абалын карайбыз. Жүргүнчүлөр жумушуна, студенттер  сабактарына кечикпей барышы үчүн интервалдарды тездетебиз. 20 мүнөттү 8-10 мүнөткө чейин кыскартышыбыз мүмкүн»,- деди шаардык транспорт башчысы.

Айтымында, бааны көтөрүүнүн дагы башка себеби – кийинки жылы апрелде 20 троллейбус жана 20 автобус алып келинет.

«Бул Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жатат. 15 жыл ичинде кайра кайтарым менен алып жатабыз. Кайтарымга да жол кире акынын көтөрүлүшү жардам болот»,-дейт Шайлообек мырза.

Баанын көтөрүлүшүнө көпчүлүк студенттер нааразы.

Ош мамлекеттик социалдык университетинин студенти Мохигул Хожамова студенттерге жеңилдиктер берилсе болмок дейт.

«Башкалар үчүн 2 сом эч нерсени чечпеши мүмкүн. Күндө каттап окуган биз үчүн ал да акча. Күнүнө келип-кетиш үчүн 20 сом кетсе, жумасына жол кире үчүн эле 500 сомдун тегерегинде акча сарпталат экен»,-деди Мохигүл.

Мүфштари Султанмахмудова
Мүфштари Султанмахмудова

Жол акынын көтөрүлүшү айрым шаар тургундары үчүн да оордук келтирерин айтат Мүфштари Султанмахмудова.

«Күндө каттап тиричилик кылгандарга кымбаттаганы жаман болду. 2-3 сом болсо да бизге пайда эле. Эртеси ошол акчаны иштетет элек да»,-деди М.Султанмахмудова.

Ош облусунун туругуну Махидил Хайдарова болсо маянанын көбү эле жол киреге кетип калат дейт.

Махидил Хайдарова
Махидил Хайдарова

«Менин айлыгым 3600 сом. Четтен, айылдан келгендиктен 9 сом болчу. Эми 11 сом болуп калат экен. Тапкан акчабыз жол кире, тамагыбыз  менен чектелип калат. Акчасы барларга билинбейт, бизге окшогондорго кыйын болот»,-деди ал.

Айрым тургундардын пикиринде, жол киренин көтөрүлүшүнө айдоочуларды күнөлөбөө керек.

«Алар деле үй-бүлө багып жатат. Эмне кылмак элек, көтөрүлсө төлөйбүз да. Айдоочуларга деле кыйын. Майлар кымбаттап жатат»,- деди Гүлсүн Исаева.

Шаардагы 140-маршруттун айдоочусу Сардар Жамалов айдоочулардын көйгөйүн санап берди:

Сардар Жамалов
Сардар Жамалов

«Баанын көтөрүлгөнү бизге жакшы болмок. Анткени, өзүнүн чыгымын актабай жатат. Жүргүнчүлөр каршы болушу мүмкүн. Элге деле оор. Тапкан акчабызды машинабызга чаптап коюп отура беребиз. Иштеш керек, иштебей койсок элден кайра арыз түшөт. Кыш келатат.  Кышкы дөңгөлөк алыш керек. Бир дөңгөлөктүн баасы 3,5 миң сом. Кээде бир адам  менен да жүргөнгө туура келет. Мен машинаны арендага алып иштетем. Күнүнө салыктарды төлөгөндөн кийин 200-300 сомго эле иштеп  калабыз»,-деди айдоочу.

Азыркы күндө Ош шаарында миңге жакын кичи автобус элди ташыйт. Алардын жылына он миллион сомдон ашык каражат шаар казынасына түшөт.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева