Тоо этеги мыйзамсыз курулуштардан тазаланат

Оштогу «Сулайман–Тоо» тарыхый - археологиялык музей-комплекси ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучу бар экенин айтат адистер. Шарт боюнча тоо 4 тараптан тең көрүнүп турушу керек. Тоо этегиндеги иштетүүгө ижара мөөнөтү бүткөн «Айдар–Ата» чайканасын жакынкы күндөрдө сүрдүрүү боюнча эскертүү берилди.

Сентябрдын аягында Ош шаарынын прокуратурасы Сулайман-Тоонун этегиндеги «Айдар-Ата» чайканасынын мыйзамсыз иштеп жаткандыгын көрсөтүп, 10 күндүн ичинде жер тилкесин мурдагы калыбына келтирип, мамлекетке кайтарып берүү жөнүндө эскертме берген.

Чайкананын орду 2007-жылы 6-майда Ош шаардык мэриясынын токтому менен жеке тарап М.Айдаровага жеңил курулуш куруу уруксаты менен 5 жылга ижарага берилген болчу. Жер тилкенин кайра кайтаруу мөөнөтү 2012-жылдын 6-майында бүткөндүгүн Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдимуталип Калбеков маалымдады.

Абдимуталип Калбеков
Абдимуталип Калбеков

«Мыйзам боюнча бул тилкеге жеңил конструкция куруп иштетүү үчүн 5 жылга уруксат берилген. Бирок алар капиталдык курулуш кылып алгандан сырткары 90 квадрат метрди да басып алышты. Оң жагында кошумча курулуш дагы бар. Тратуарды ээлеп, элдин өтүүсүнө тоскоол болууда. Аларга эскертүү берилген, бирок жыйынтык болбой жатат. Прокуратуранын предписаниеси менен бузушубуз керек, азыр сотко чейинки тапшырмаларды топтоп жатабыз»-, деди А.Калбеков.

Ал маалымдагандай, чайкананын ордун бошотуп берүү жөнүндө буга чейин муниципалдык менчик башкармалыгы эскертүү берген.

«Мурда эскертүү бергенбиз. Кийинки жума дагы эскертүү беребиз өз алдынча сүрдүрүү боюнча. Учурда мыйзамсыз курулган имараттарды жөнгө салуу боюнча шаардык прокуратура жана жергиликтүү бийлик биргеликте активдүү иш алып барууда. Эгер мыйзам чегинде «Айдар-Ата» чайканасынын кожоюндары өз алдынча сүрдүрүп салбаса, анда ишти сотко ашырабыз»,- деди А.Калбеков.

Сүрдүрүлө турган чайкана Сулайман-Тоо этегинде. Учурда ишин улантып, кардарларды тейлөөдө.

Мыйзам боюнча чайкананын ордун бошотуу жөнүндө мында иштегендер маалымат берүүдөн баш тартып, кожоюндарына шилтеме беришти. Кожоюнунан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин «Айдар-Ата» чайканасы ошол аймактагы музейдин чегине кирип кеткендиги жөнүндө талаш болгон. «Сулайман–Тоо» тарыхый–археологиялык музей-комплексинин экспозиция бөлүм башчысы Хайрулло Ибайдуллаев ашкананын орду музейге караштуу экендигин белгилейт.

Хайрулло Ибайдуллаев
Хайрулло Ибайдуллаев

«1982–жылы Турдакун Усубалиевдин токтому менен Сулайман – Тоонун аймагы 134 гектар өзгөчө корголуп келет. Бирок, кийин чайкана  ижарага берилген жерден да өтүп, алар биздин жерди дагы ээлеп алышты»,- дейт Х.Ибайдуллаев.

Ал белгилегендей, ЮНЕСКОнун шарты боюнча тоонун тарыхый турпаты бузулбашы, визуалдуу көрүнүшү жабылбашы керек.

«Чайкана башынан эле мыйзамсыз курулган. Жеңил конструкция салынышы керек болчу. Бирок, капиталдык курулуш салынган. Эгерде тоонун этегиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып ташталбаса, ЮНЕСКОнун талабы аткарылбай, дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучу бар»,- деди Хайрулло Ибайдуллаев.

«Сулайман–Тоо» тарыхый - археологиялык музей-комплекси
«Сулайман–Тоо» тарыхый - археологиялык музей-комплекси

Сулайман-Тоо 2009–жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Анда 400дөн ашуун петроглифтер жана бир катар тарыхый эстеликтер сакталган.

Учурда калаа бийлиги Ош шаарындагы бир катар мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү аракетин көрүүдө.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева