Ошто Курман айтта төө союлду

Курман айтта Ош шаарында 130дай бодо, 30 чакты майда жандык, 1 төө союлду. Айт намазын борбордук аянтта 30 миңдей киши окуду.

Курман айт майрамы Ош шаарында борбордук аянтта айт намазын окуу менен башталды. Жергиликтүү бийликтер, дин өкүлдөрү куттук айтышты. Ош мэриясы Айт намазына 25 миңдей киши келгенин маалымдады.

Соңунда «Адеп башаты» коомдук-прогрессивдүү фонду жана «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонддору уюштурган иш-чара -  курмандык чалуу менен коштолду.

Курман айтта зекет берүүгө байлыгы жеткен адам курмандык чалышы керектигин Оштогу «Имам аль Бухари-Алай» борбордук мечитинин имамы Асатилла ажы Нурматов  белгиледи.

Асатилла ажы Нурматов
Асатилла ажы Нурматов

«Курман айт - жакындашуу майрамы. Адам бир жыл бою ден-соолукта ырыскысын жана тирүүлүктү көрдү. Ошол үчүн окула турган 2 ракат намаз. «Курман» сөзү «жакындашуу» дегенди түшүндүрөт. Бул күндө бири-бирибизди кечиришип, Аллага жакындообуз керек. 800 грамм алтынга тете байлыгы бар адамдар курмандык чалып, аны колунда жокторго, муктаж адамдарга таратып берүүсү керек»,-деди Асатилла ажы.

«Адеп башаты» жана «Элим барсыңбы?» фонддору курмандык үчүн иш-чара уюштуруп, шаар тургундарынан мал-жандык топтошкон.

Марс Ибраев
Марс Ибраев

«Курмандыкка 130дай бодо мал, 1 төө жана майда жандыктар союлду. Төөнү Ош шаарынын жараны үй-бүлөсүнүн атынан курмандыкка чалды. Калк жоомарттык кылып жатат. Кайрымдуулукту уланта бериңиздер»,-деди «Адеп башаты» коомдук-прогрессивдик фондунун Оштогу координатору Марс Ибраев.

Курмандыкка чалынган мал эттери муктаж адамдарга таратыларын белгиледи «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун Оштогу өкүлү Рустам Сапаров.

Рустам Сапаров
Рустам Сапаров

«Курмандыкта союлган мал эттеринин көп бөлүгү кароосуз карыларга бөлүндү. Социалдык коргоо министрлиги берген тизмеде 157 кароосуз карыялар бар. Андан сырткары Кара-Сууда карылар үйүнө, балдар үйлөрүнө жана студенттик жатаканаларга таратылат»,-деди Р.Сапаров.

Курмандык чалынып жаткан жерге ар кандай шириндиктерди жасап келип саткан Чынара Садыкова, түшкөн акча кайра студенттерге стипендия кылып берилерин айтты.

Эт баарына тегиз таратыларын белгиледи Ош шаарынын тургуну Кылычбек Шамшиев:

«Курмандык кылган адамдардын  үлүшүнө 8 килодон берилет. Ар бир үлүштөн 20-30 килодон эт чыгат. Калган эт муктаж адамдарга таратылат»,-деди Кылычбек мырза.

Мал эттери муктаждарга таратылды
Мал эттери муктаждарга таратылды

Мурунку жылдары Ош шаарында Курман айтка 80-90 бодо мал союлса, быйыл жылдагыдан 30га көп союлган. 3 жылдан бери курмандыкка төө да союлуп келатат.

Курман айт майрамынын маани-маңызын чагылдырган балдар үчүн театралдык көрсөтмө 20-октябрда Бабур театрында өтөт.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева