Бирюлеводо кармалган беш кыргызстандык камакта калууда

Москванын Бирюлево районундагы адам өлтүрүүдөн кийин полиция 14 кыргызстандык мигрантты кармаган болчу. Алардын тогузу дароо эле эркиндикке кое берилген, калган беши камакта сотту күтүп жатышат.

Орусия полициясы Бирюлеводогу адам өлтүрүүдөн кийин 1200дөй мигрантты кармаган. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыгышты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдиргендей, кармалган кыргызстандыктардын тогузу дароо эле, документтери текшерилгенден кийин бошотулган.

Бешөө камакта калышты, бирок чуу көтөргөн Егорь Щербаковдун өлтүрүлүшү үчүн эмес.

«Беш адам Орусияда мыйзамсыз жүргөндүктөрү үчүн убактылуу кармалышты», — деп түшүндүрдү Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде.

Басма сөз катчынын айтымында, жакынкы бир нече сааттын ичинде кармалгандардын бири боюнча сот болот, ага Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү катышат.

Полиция Москвадагы мигранттарды Бирюлеводогу башаламандыктардан кийин кармап баштаган, өз кезегинде ал аталган райондо 10-октябрда адамдын өлтүрүлүшүнөн улам келип чыккан.

Райондун жашоочулары Щербаковдун жанындагы кыздын айткандарына таянып, кылмышты «кавказдык» адам жасаган деп шектенишкен.

13-октябрда бирюлеволуктар «тынчтык маршын» уюштурушкан, бирок ал мигранттарга байланышкан жергиликтүү бизнестерди талкалоого чейин өсүп жеткен.

Щербаковдун өлүмүнө шектелгендердин алгачкысы — Азербайжандын жараны Орхан Зейналов 15-октябрда кармалган.