Бишкек: Көрүстөндүн жанындагы конуш көзөмөлсүз калууда

Акыркы 10 жыл аралыгында Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнүн айланасындагы санитардык аймакта активдүү курулуш иштери жүрүүдө. Курулуш нормаларына каршы келгенине карабастан андагы үйлөр өтө тездик менен көрүстөнгө жакындап келүүдө.

Аскералы башка миңдеген үйлөргө окшогон өзүнүн жеке үйүндө жашайт — анда электр жарыгы, суу түтүгү жана кичинекей короосу бар.

Бирок анда бир нерсе адаттан тыш — жолдун аркы бетине өтөөрү менен эле Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнүн аянты башталат.

Ошентсе да бул көрүнүш «Ала-Арча» конушунун ушул бөлүгүндө жети жылдан бери жашап келе жаткан Аскералыны оңтойсуздандырбайт.

«Көрүстөндүн жанындагы жашоо тынч, эч кандай көйгөй жок», — деп ынандырды ал.

Бирок нормаларга ылайык, Кыргызстандын аймагындагы көрүстөндөргө жакын жерлерге үй курууга тыюу салынган.

Көрүстөндүн айланасындагы санитардык аянттын аймагында жайгашкан үй ээлери түрдүү инстанциялар менен мекемелерден бир нече жолу мыйзам бузуулар жөнүндө эскертүүлөрдү алышкан.

Бирок эскертүүлөргө карабастан ал жакта жаңы үйлөрдүн курулушу уланууда, ал эми анда жер тилкесин сатып алуу эч кандай деле кыйынчылык туудурбайт.

Kloop.kgнин журналисттери тарабынан сурамжыланган «Ала-Арча» жаңы конушунун төрт жашоочусу алар ал жактагы жер тилкелерин кээ бир мамлекеттик органдар айтып жаткандай басып албай эле, сатып алгандыктарын билдиришти.

«Сатып алганыбызда бизге кызыл китептин ордуна жерге ээлик кылуу укугу үчүн жалган документтерди беришкен.  Бизде кызыл китеп жок, бирок жер тилкесин саткан адамдар үйлөрүбүздү мыйзамдаштырып берүү убадаларын көптөн бери айтып келишет», — деди жаңы конуштун жашоочуларынын бири Жаныбек.

Kloop.kgнин журналисти көрүстөн айланасында жер тилкесин саткан адамдардын бири менен телефон аркылуу сүйлөшө алды.

«Ала-арчалыктардын» арасында Эсен деген ат менен белгилүү болгон ал адам күмбөздүн жанындагы 500 чарчы метр аянттуу тилке орточо эсеп менен 8 миң АКШ доллары болоорун айтты.

Сатып алуучу менен соода-сатык келишими түзүлөт,  келишимдин түзүлүшү үчүн жаңы жер ээсинин паспорту гана талап кылынат.

«А кызыл китептерин кийин беришет», — деди Эсен Kloop.kgнин журналистине.

«Ала-Арчанын» жашоочулары эмне себептен Эсенге жер сатып, акча алуу укугун ишенгендиктерин билишпейт же жөн гана айткылары келишпейт.

Эсендин өзү болсо ал буга чейин учурда «ала-арчалыктар» жашап жаткан жерге ээлик кылганын билдирүүдө.

Бийлик структураларынан футбол

Кыргыз Республикасынын курулуш нормалары жана эрежелерине ылайык, көрүстөндүн чеги менен турак үйлөрдүн аралыгы 300 метрден кем болбошу керек.

Бүгүнкү күндө «Ала-Арчадагы» Түштүк-батыш көрүстөнүнө эң жакын жайгашкан үйлөр 7 метр гана алыстыкта курулган.

Солдо — жаңы конуш. Оңдо — көрүстөн тосмосу.
Солдо — жаңы конуш. Оңдо — көрүстөн тосмосу.

Бийликтегилер катуу эскертүүлөрдү жибергени менен көйгөйдүн чечилиши үчүн бүгүнкүгө чейин эч кандай аракет көрүшкөн эмес.

Себептердин бири — жоопкерчиликти эч ким мойнуна алгысы келбейт, буга Kloop.kgнин кабарчылары кырдаалды түшүндүрүп бере алчу бардык мамлекеттик инстанциялар менен сүйлөшүү аракетинен кийин ынанышты.

Көрүстөнгө жакын жерлерге турак үйлөрүнүн курулушуна ким көзөмөл жүргүзөөрүн аныктоо үчүн журналисттер беш мамлекеттик мекемеге кайрылышты, бирок алардын бирөөнөн дагы так жооп ала алышкан жок.

Ар бир мекеме улам башка мамлекеттик органга жиберип, журналисттер менен административдик футбол ойношту.

Бишкек же Аламүдүн?

Биринчиден, Бишкек шаары менен Аламүдүн районунун чегинде жайгашкан ал жердин кайсыл административдик бирдикке тиешелүү экендиги түшүнүксүз.

Бишкек мэриясы көрүстөндүн жанындагы үйлөрдү Аламүдүн району көзөмөлдөшү керек деп эсептейт, анткени ал жер 2000-жылы «жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү» үчүн районго 10 жылга берилген жана андан бери жерди кайтарып берүү тууралуу токтом чыккан эмес.

«Түштүк-батыш көрүстөнүнүн айланасындагы башаламандык менен биз эч нерсе кыла албайбыз, анткени ал аймак бизге тиешелүү эмес», — деди Бишкек мэриясынын алдындагы турак-жай курулуш департаментинин директорунун орун басары Калыбек Жумагулов.

Аламүдүн районундагылар болсо ал жер борбордун көзөмөлүндө деп эсептешип, башкача көз карашты карманышат.

«Бул маселени эч кимдин чечкиси келбейт, бирок Бишкектин башкы планына ылайык, ал аймак шаарга тиешелүү», — деп эсептейт Аламүдүн районунун башкы архитектору Сүйүнбай Арабеков.

IMG_0548
Көрүстөндөрдүн айланасындагы санитардык тилкелердин нормалары жазылган Кыргыз Республикасынын Курулуш нормалары жана эрежелеринин бир бети.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл станциясынан үйлөрдүн көрүстөнгө жакын жайгашышы жаратылыш кырсыктары, өзгөчө суу ташкыны маалында өтө коркунучтуу экенин түшүндүрүштү — мындай учурларда көрүстөндөр жаңы конуш жашоочулары үчүн жугуштуу оорулардын булагы болуп калышы мүмкүн.

Бирок санитарлар көрүстөн айланасындагы курулуштарга Бишкек мэриясынын алдындагы же Аламүдүн районундагы жекече турак жай курулуш департаменти көз салышы керек деп эсептешет.

Аламүдүн районунун Курулуш жана архитектура департаментинен алар көзөмөлдөөчү орган болбогондуктан жоопкерчилик жакында эле түзүлгөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда экенин билдиришти.

«Биз курулушка уруксат бере алабыз, бирок курулуш нормаларынын аткарылышын көзөмөлдөй албайбыз. Мурун  Архитектура жана курулуш көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат болгон, ал жоюлуп, милдеттери жаңы түзүлгөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгөн болчу», — деди Аламүдүн районунун башкы архитектору Kloop.kgге берген маегинде.

Өз кезегинде Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери алар жеке турак-жай        курулуштарына көзөмөл жүргүзбөй тургандыктарын айтышты.

Мекеме кызматкерлернин айтымдарында, андагы курулуштарга Аламүдүн районунун курулуш жана архитектура департаменти жооп бериши керек.

Ошентип, бийлик органдары бири-бирине шылтап, эч кимиси алгылыктуу жооп берген жок.

Ар ортодо бийлик кандайдыр бир чара көргөнгө чейин «ала-арчалыктар» үй куруп, жер сатып,  сатып алып өз жашоолорун улантып жатышат.

Жашоо уланууда

Негизинен «Ала-Арчада» борборго жумуш издеп, Кыргызстандын башка аймактарынан көчүп келген ички миграттар жашашат.

Алар качандыр бир күнү үйлөрү мыйзамдаштырыла тургандыгына үмүттөнүп жатышат. Бирок кантип мыйзамдаштыруу керектигин эч ким билбейт, эч кимдин түрттүрүп салгысы да жок.

«Эгер биз көрүстөндүн жанындагы үйлөрдү түрттүрө баштасак мыйзамдуу болот, анткени жашоочулардын кызыл китептери жок. Бирок эгер биз үйлөрүн буза турган болсок жаңы конуштун жашоочулары козголоң чыгарып, Бишкекти өрттөп башташат да. Олуттуу көйгөйлөр башталат», — дейт мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева.

Ал ортодо «ала-арчалыктарды» күнүмдүк көйгөйлөр тынчсыздандырууда — алсак, негизги жолдордон алыс жайгашкандыктары, каттоого туруп, мамлекеттик медициналык камсыздандыруу ала албай тургандыктары.

Көрүстөн көйгөйү болсо алар үчүн алдыңкы көйгөйлөрдөн деле эмес.

«Алар тынч уктап жатышат, бизге тоскоолдук кылбай эле», — деп тамашалады жергиликтүү тургун көрүстөн жакты көрсөтүп.

Авторлор: Нуриза Самарбекова, Рейхана Турдиева жана Жами Карабалаева