Кыргызстандын Жогорку соту өмүр бою эркинен ажыратылган жалал-абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата кыйноолор болгондугун иликтөөдөн баш тартты.
Жогорку соттун коллегиясы Аскаровго карата кыйноолор болгондугу жөнүндөгү жактоочусунун даттануу арызын кароодон баш тартты.
«Сот Жалал-Абад шаардык жана облустук сотторунун токтомдорун күчүндө калтыруу жана жактоочу Вахитовдун арызын канааттандырбоо чечимин кабыл алды», — деди сотто төрагалык кылган судья Темирбек Исаков.
Бул иш боюнча сот отуруму 16-октябрда Жогорку сотто өттү.
Жалал-абаддык укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов ал жактоого алган Аскаровго карата кыйноолор болгондугу фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушуна жетишүүгө аракет кылган болчу.
Отурумда Вахитов Аскаровдун айткан сөздөрүн кайталап айтып берди, аларга ылайык, укук коргоочуну 2010-жылдын июнунда, Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал маалында кармагандан кийин кыйноого алышкан.
«Мени мыйзамсыз кармап, кыйнашкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүшү керек. Бирок соттор иликтөөдөн баш тарткандыктарын мага негиздеп беришкен жок», — деди Вахитов Аскаровдун айткандарын кайталап.
Жактоочу Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, эгер сот ишинин катышуучусуна карата кылмыш жасалса соттук өндүрүш кайрадан жандандырылышы керектигин белгиледи.
“Көйгөй Аскаровдун күнөөлүү же күнөөлүү эместигинде эмес. Көйгөй анын иши боюнча өндүрүш Кылмыш-процессуалдык кодекси менен Адам укуктары боюнча эл аралык макулдашуунун нормалары сакталбай өткөрүлгөндүгүндө”, — деди Вахитов.
Бирок прокурор Асаналы Иманбеков экспертизанын маалыматтарына ылайык, Аскаровдун денесинде эч кандай зыян келтирүүнүн белгилери табылбагандыгын билдирди.
«Эгер кыйноолордун, денеге зыян келтирүүлөрдүн кандайдыр бир белгилери табылса, же кимдир бирөө көрсөтмө берген болсо Тойтонов [Жалал-Абад прокуратурасынын тергөөчүсү] ага көңүл бурмак», — деп эсептейт мамлекеттик айыптоочу.
Жогорку соттун бул өкүмүнөн кийин Аскаровдун жактоочулары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине даттанууга ниеттенип жатышат — бул тууралуу “Бир Дүйнө — Кыргызстан” укук коргоо борборунун директору Төлөйкан Исмаилова билдирди.
“Бизде Аскаровдун уулу Шерзоддун даттануу арызы бар, анда ал Кыргызстандын өкмөтү тарабынан мыйзам бузуулар болгон фактылар жөнүндө айткан”, — деди Исмаилова Kloop.kgге берген маегинде.
Аскаровдун иши
Аскаров 2010-жылдын июнунда милиция тарабынан кармалганга чейин укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөшкөн укук коргоочу катары белгилүү болчу.
Ал 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.
Аны өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдын июнунда болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп күнөөлөшкөн.
Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун билдиришкен.
Автор: Хлоя Гейне