Бирюлёводо кармалган кыргызстандык Орусиядан чыгып кетүүгө милдеттендирилди

Москвада кармалган беш кыргызстандыктын бирөөсү «миграциялык мыйзамды бузгандыгы» үчүн Орусиядан чыгып кетүүгө милдеттендирилди. Полиция кыргызстандыктарды Москванын Бирюлево районундагы адам өлтүрүүдөн кийин кармаган.

Москванын Бирюлево районундагы адам өлтүрүүдөн кийин кармалган кыргызстандыктын соту 16-октябрда болду — бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ТИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Турдакун Сыдыковдун айтымында, сот Кыргызстандын жаранын Орусиядан чыгаруу жана ага 5 миң рубль (болжол менен 7500 сом) өлчөмүндөгү административдик айып салуу чечимин чыгарган.

«Анда «өз алдынча» деп жазылган, тактап айтканда, ал өзү чыгып кетиши керек», — деди ТИМдин басма сөз кызматынын башчысы Kloop.kgге берген маегинде.

Сыдыков кыргызстандык канча убакыттын ичинде Орусиядан чыгып кетиши керектигин так айтып бере алган жок.

Кармалган берки төрт кыргызстандыкка карата миграциялык мыйзамдын бузулгандыгы боюнча административдик протокол түзүлдү, учурда алар соттун чечимин күтүп атышат.

Мекеменин басма сөз катчысынын айтымында, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кармалгандардын тагдырына көз салуусун улантып жатат — дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматтары боюнча, башаламандыктарда жабырланган кыргызстандыктар жок.

Бирюлёводогу башаламандыктар

Москванын Бирюлево районунда 25 жаштагы Егор Щербаков өлтүрүлгөндөн кийин башталган башаламандыктар менен мигранттарга каршы өткөн митингдерден улам беш кыргызтандык кармалган.

Райондун жашоочулары Щербаковдун жанындагы кыздын айткандарына таянып, кылмышты «кавказдык» адам жасаган деген шектенүүлөр менен «тынчтык маршын» уюштурушкан, бирок ал мигранттарга байланышкан жергиликтүү бизнестерди талкалоого чейин өсүп жеткен.

Жалпысынан орус полициясы 1200дөй мигрантты кармаган. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыгышкан, бирок алардын тогузу документтери текшерилгенден кийин бошотулушкан.

Щербаковдун өлүмүнө шектелгендердин алгачкысы — Азербайжандын жараны Орхан Зейналов – 15-октябрда кармалган.

Автор: Рейхана Турдиева