Митингдерге тыюу салуу үчүн кол топтоп жүргөн милиционерге эскертүү берилет

Свердлов районунун участкалык милиционери борбордо митингдердин өтүшүнө тыюу салуу үчүн кайрылууларды «жеке демилгеси менен» топтогон — бул тууралуу Бишкек ШИИБисинин басма сөз кызматы билдирип, ишендирүүгө аракет кылууда.

http://www.youtube.com/watch?v=vfAl7n4hyTk

Милиционер Бактияр Жакыпбеков Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн жеке демилгеси менен кайрылуу топтогон — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

«ШИИБ же ИИМ тарабынан ага эч ким эч кандай көрсөтмө берген эмес», — деди Сейитов.

Ал милиционер туура эмес инструкция берилгендиктен улам кайрылуу топтоп баштаган болушу мүмкүн деп болжолдоду.

«Ал өз аймагында тартиптин болушун каалап ушундай жолго барса керек», — деди ШИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси.

Сейитовдун айтымында, Бишкекте митинг өткөрүүгө каршы кайрылуу чогултуу фактысы боюнча кызматтык териштирүү 17-октябрда аякташы мүмкүн.

Милиционерге жаза катары эскертүү берүү болжолдонуп жатат.

Кайрылуу чогултуу

Свердлов районунун №10 шаардык милиция бөлүмүнүн лейтенанты Бактияр Жакыпбеков 12-октябрь күнү Kloop.kgнин редакциясынын кеңсесине келип, жетекчиликтен Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу чакырыктары менен арыз жазып берүүсүн өтүнгөн.

Милиция кызматкери Kloop.kgге берген маегинде ал даттануу арыздары Кыргызстанда «пикеттер, митингдер жана революциялардын болбошу» үчүн зарыл экенин айтып түшүндүргөн болчу. Ал мындай арыздарды жазып берген Свердлов районундагы бир нече компаниялар менен уюмдарды атап берген.

Kloop.kgнин редакциясы жарандардын тынчтык чогулуштарына болгон конституциялык укуктарын сыйлагандыктан арыз жазуудан баш тарткан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жооробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде милиционердин аракетин «бир аз туура эмес» деп атаган. Ал бул боюнча милиция ички териштирүүлөрдү баштагандыгын кошумчалаган болчу.

Кыргызстандын Конституциясынын 34-беренесине ылайык, ар бир жаран тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө укуктуу.

2010-жылдан баштап Кыргызстанда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуулардын бардыгы жоюлган болчу.

Акыркы жолу тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө тыюу салуу Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде иштеп турган. Ага карата азыркы бийлик тарабынан, ошондой эле эл аралык уюмдар тарабынан да өлкө башында турганда Кыргызстанда адам укуктары бузулуп келгендиги тууралуу сындар айтылып келген.

Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликтен кеткен.

Автор: Эльдияр Арыкбаев