Президент депутаттарга жактоочулук лицензияны атайын сынак тапшырбай эле алууга уруксат бере турган мыйзамга кол койду.
Депутаттардан сырткары жактоочулук лицензияны тергөө органдарында, ошондой эле президент менен премьер-министрдин администрацияларынын юридика бөлүмдөрүндө беш жылдык иш тажрыйбасы барлар да атайын сынаксыз эле ала алышат.
Ушул кезге чейин Кыргызстанда жактоочулук лицензия алууну каалагандардын бардыгы тең квалификациялык сынак тапшыруулары керек болчу.
Мыйзам долбоорун депутаттар Курмантай Абдиев, Тынчтык Шайназаров жана Кожобек Рыспаевдер демилгелеп чыгышкан.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмне себептен депутаттар жактоочулук лицензияны сынак тапшырбай алышы керектиги түшүндүрүлгөн эмес.
Парламент бул мыйзам долбоорун 5-сентябрда үчүнчү окууда кабыл алган болчу.
Ошондой болсо да бул боюнча депутаттардын пикирлери бир тараптуу эмес.
Депутат Өмүрбек Абдрахманов жактооочулук ишмердүүлүк үчүн лицензия алуудагы шарттар бардык жарандар үчүн бирдей болушу керек деп эсептейт.
«Бул дискриминация, баардыгы үчүн бирдей шарт болушу керек. Биздин бийлик өзүн гана жакшы көрөт — акчаны да жана башка жеңилдиктерди да өздөрүнө көп алышат. Эми бул жерде да бийлик кызматкерлери үчүн өзгөчө кылгылары келип жатат. Баардыгы үчүн бирдей критерий болушу керек да», — деп эсептейт ал.
Анын пикири менен парламентарий Азамат Кангельдиев макул эмес. Ал кесиптештеринин демилгесин колдойт жана сынак тапшырууну ашыкча деп эсептейт.
«Мен мунун ашыкча процедура экенине ишенем. Сынак тапшыруу жолу менен алгандарды деле билем жана алардын деңгээлдерин анчалык деле жакшы деп айтууга болбойт», — деди Кангельдиев.
Юристтер дагы көз караштары жагынан бир пикирде эмес. Жактоочу Азизбек Турдалиев депутаттар деле лицензия алгысы келген башка адамдардай эле бирдей шарттарда сынак тапшырышы керек деп эсептейт.
«Депутат болгон үчүн эле аларга аттестацияны квалификациялык комиссия жок берүүгө кантип болсун? Жеке менин оюмда бул негизи эле туура эмес», — деди ал.
Анын кесиптеши Шарабдин Токтосунов башкача пикирди карманат.
«Эгер депутаттын юридикалык билими болсо албетте ала алат [лицензияны]. Адам сынак берип өтүп, бирок эч нерсе билбеши деле мүмкүн, а мисалы кээ бирлери сынак тапшыра албай калышкан, бирок башкаларга караганда жакшы иштешет. Жактоочу деген судья же тергөөчү эмес да, бул жерде карама-каршылык жок», — деп эсептейт юрист.
Мыйзам кечээ күчүнө кирди.
Автор: Александра Ли