Укук коргоочу «Walk Free Foundation» уюмунун кулчулукту аныктоо боюнча дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан 162 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээледи. Жалпысынан өлкөдө 15 миңден 17 миңге чейинки адам кулчулукта жашайт.
Кыргызстанда кулчулукта 15 миңден 17 миңге чейинки адам бар — мындай маалыматты эл аралык «Walk Free Foundation» укук коргоо уюму жылдык отчетунда келтирген.
Рейтингдеги орундарды аныктоодо адамдарды сатуу, эрте турмуш куруу жана кулчулук шартта жашаган адамдардын өлкөнүн калкынын санына болгон катышы сыяктуу критерийлер эске алынган.
Ошондой эле укук коргоочулар кулчулук түшүнүгүнө насыя берүүчүлөргө болгон көз карандуулук, балдар эмгегин пайдалануу жана күчтөп турмуш курууга мажбурлоо учурларын кошушкан.
Борбордук Азияда Кыргызстан Казакстан менен Түркмөнстандан кийинки үчүнчү орунда турат. Бирок кулчулукта калуу тобокелдиги Кыргызстанга караганда Түркмөнстанда жогорураак.
Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Жылдыз Ахметова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде эрксиз шарттарга мыйзамды жана өз укуктарын билбеген кыргызстандыктар да кире тургандыгын билдирди.
Өзгөчө мындай учурлар качан кыргызстандыктар коңшу өлкөлөргө — Казакстан менен Орусияга жумуш издеп барган учурларда көп кездешет, деди Эл аралык миграция уюмунун өкүлү.
«Көпчүлүк учурларда адамдар кайсыл жакта, эмне жумушта иштей тургандыктарын билбей туруп эле чыгып кетишет. Алар тааныштарынын жумуш ордунун ишенимдүү экендиги жөнүндө айткандарына ишенип, эч кандай макулдашууга барышпайт, келишим түзүшпөйт», — деди ал.
Ахметова адамдардын кулчулукка кабылган учурларын азайтуу үчүн Кыргызстанда калкка маалымат берүү боюнча кампанияларды уюштуруу керек деп эсептейт.
Дүйнөдөгү кулчулук
Укук коргоочулардын маалыматтарына ылайык, дүйнө жүзү боюнча дээрлик 30 миллион адам кулчулукта жашайт.
Дүйнөлүк рейтингде калкынын дээрлик 20 пайызы эрксиз шарттарда жашаган Мавритания өлкөсү биринчи орунда турат.
Бул өлкөнүн аймагындагы калктын байыртан эле кара берберлер — кулдар — жана актар — кул ээлөөчүлөр деп экиге бөлүнгөнү менен байланыштуу.
Рейтингдин акыркы саптарын Исландия, Ирландия жана Улуу Британия өлкөлөрү ээлеген — «Walk Free» уюмунун маалыматтары боюнча, бул өлкөлөрдө сексуалдык багындырууларга туш болгон адамдардан башка дээрлик кулдар жокко эсе.
Авторлор: Рейхана Турдиева жана Эльдос Казыбеков