Кызыл-Кыя: этникалык кыргыздар жер тилкелерине муктаж

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 200дөн ашуун этникалык кыргыз үй бүлө бар. 38 адамга кайрылман макамы берилген. Этникалык кыргыздардын негизги көйгөйү - турак-жай жана жумушсуздук.

Тилда Ормонбаева мындан 5 жыл мурун үй бүлөсү менен Тажикистандан Кызыл-Кыя шаарына көчүп келген. Учурда анын пенсиясы менен тиричилик  өтөт.

Тилда Ормонбаева
Тилда Ормонбаева

«Ден соолугума байланыштуу көчүп келгенбиз. Кан басымым 200дөн ашып, бийик жерде жашаганга болбогондуктан бул жакка биротоло келдик. Учурда Кыргызстандын жарандыгын ала элекмин»,- деди ал.

Тилда Ормонбаева эки уулу жана келини менен башка бирөөлөрдүн турак-жайында убактылуу жашашат. Айына 1000 сомдон ижара акысын төлөшөт. Үй бүлөнүн негизги көйгөйү – турак-жай маселеси.

«Тажикстандын каттоосунан биротоло чыгып келе электигимин себеби - бул жакта пенсия аз төлөнөт. Тажикистан тоолуу болгону үчүн көп төлөйт. Жолдошум  каза болгон, каражат маселеси кыйын»-дейт Тилда Ормонбаева.

Кыргызстанга кайтып келген кайрылмандардын көйгөйлөрүн Мамиражап Кадыров жакындан билет. Ал Кызыл-Кыя шаарындагы этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү аракетин көрүп, укуктарын коргойт.

Мамиражап Кадыров
Мамиражап Кадыров

«Сары-Кол» коому 2 жылдан бери иштеп келет. Биздин эки негизги көйгөйүбүз - турак-жай жана жумушсуздук. Бул маселе боюнча биз миграция министирлигине, өкмөткө бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок жыйынтык боло элек. Эгер бизге жер тилкелерин беришсе, үй курат элек. Ижарада турмак эмеспиз»,- деди коомдук бирикменин төрагасы Мамиражап Кадыров.

Жергиликтүү бийлик турак-жай маселесин чечип бере албастыктыгын айтат Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Жалил Рахматуллаев. Бирок башка жардамдар көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

«Жер тилкесин берүү маселесин мэрия чечип бере албайт. Бул маселе Өкмөт тарабынан чечилет. Биз жеке ишкердик жүргүзүүгө акчалай жардам  көрсөттүк. 18 үй бүлөгө жалпы 180 миӊ сом микрокредит берилген. Андан сырткары азык-түлүктөн да көмөк көрсөтүлгөн»,-дейт вице-мэр Ж.Рахматуллаев.

Жалил Рахматуллаев
Жалил Рахматуллаев

Чет жерлерден кайтып келген кайрылмандардын бир катары расмий катталып, Кыргызстанга отурукташып калган.

Жетимиш Алтымышев Кызыл-Кыя шаарына 13 жыл мурда Кыргызстанга Тажикстандан билим алуу үчүн келип, ошол боюнча отурукташып калган. Ал кыргыз жарандыгын алган.  Эми биротоло ушул жерде жашаарын айтты.

«Мен бул жакка 2000-жылы келгенмин. Окууму уланта албай калгам, ушул жерден үй бүлө курдум, 3 балам бар. Учурда курулушта иштейм. Кыш келгенде иш жагынан кыйын болот. Негизги көйгөйүбүз  - үй маселеси. Өзүбүздүн үстүбүздө үйүбүз жок, батирде ижарада турабыз. Анткен менен, калган социалдык жардамдарды: жөлөк пул жана дарылануудагы жеӊилдиктерди алабыз»,-дейт Жетимиш мырза.

Учурда Кызыл-Кыя шаарында 232 этникалык кыргыз үй бүлө бар. Алар Өзбекстан жана көпчүлүгү Тажикистандан келгендер. 38 адамга кайрылман макамы берилген.

Автор: Гүлзада Осмоналиева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева