Октябрдын башында Караколдо болгон башаламандыктардан кийин кармалгандардын көбү күч органдары тарабынан сабалышкан — бул тууралуу алардын тарапташтары билдиришти. Алардын айткандарын УКМК менен ИИМдин басма сөз кызматтары четке кагып жатышат.
Караколдо кармалгандарды коргоо боюнча комитеттин мүчөсү Карыпбек Чакебашев милиция менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен 7-октябрда Караколдо өткөн митингдин катышуучуларын ырайымсыздык менен сабагандыктарын билдирди.
«Ашыкча ызы-чуу» чыгарбаш үчүн УКМКнын кызматкерлери кармалгандарды шаардын сыртына, талаага алып барып кыйноого алышкан», — деди ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
Чакебашевдин айтымында, Караколдогу башаламандыктар боюнча учурда тергөө абагында камакта жаткан 13 адамдын сегизи кыйноолорго дуушар болушкан.
«Аларды талаага алып барышаары менен баштарына мүшөк кийгизишип, колу-буттарын байлап сабап башташкан. Башаламандыктын сегиз катышуучусу катуу токмоктолгон. Калган беши кийинчержжк кармалышкан окшойт», — деди Чакебашев.
Кармалгандарды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Курманбек Закир уулу кармалган экинчи топтогу майып адамды бир сутка бою белгисиз гаражда кармагандыктарын айтты.
«Бейшебаев Мирзат — экинчи топтогу майып, бир буту жок. Аны да кармап талаага алып барышкан, бирок сабашкан эмес. Кийинчерээк аны белгисиз бир гаражда бир сутка кармап турушкан, эртеси болсо маршруттук такси менен Бишкекке жеткиришкен», — деди Закир уулу.
Караколдогу башаламандык маалында кармалгандарды коргоо комитети кармалган адамдардан бир нече жолу даттануулар келип түшкөндөн кийин экс-акыйкатчы Турсунбек Акун тарабынан түзүлгөн.
ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев милициянын дарегине айтылган айыптоолор негизсиз экенин билдирди.
«Башаламандыктын катышуучуларын биз араңдан зорго тараттык. А биздин дарекке айтылып жаткан айыптоолор негизсиз», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
УКМКнын басма сөз кызматындагылар дарегине айтылган айыптоолорду четке кагуу менен кармалгандардын тарапташтарынын билдирүүлөрү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Караколдогу башаламандыктар 7-октябрь күнү «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингден кийин башталган, ага негизинен Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын жашоочулары катышышкан.
Митигдин жүрүшүндө алар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди төрт саатка барымтага алышкан, андан соң эки жолу облустук администрация имаратын басып алууга аракет кылышкан.
Митинг катышуучуларынын администрацияны басып алуу боюнча экинчи аракетинен кийин милиция аларды кууп тараткан, бул өз кезегинде нааразы болгондор менен милициянын ортосундагы кагылышка алып келген.
Милиция ошол эле түнү митингден кийин 25 кишини кармаган, бирок көп өтпөй алардын жарымы бошотулган.
Авторлор: Шерзод Бабакулов жана Атамбаев Нурмухаммед