Кызыл-Кыядагы чатырсыз, отургучсуз аялдамалар

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя  шаарында  60тан ашуун аялдама  бар. Көпчүлүгү  колдонууга жарабайт, чатыр-отургучтарын жулуп, чыгарып кетишкен. Учурда  оӊдоп-түзөөгө жана  шаар  тургундарынын аяр  мамилесине муктаж.

Көп жылдан бери Кызыл-Кыя шаарында жашаган Апиза Кубатова шаардагы кейпи кеткен аялдамаларга кайдыгер эмес. Алардын абалын коомчулук жана  тийиштүү органдар чогуу-чаран оӊдоо керектигин айтты.

Таланып, вульгардык сөздөр жазылган аялдамалар
Таланып, вульгардык сөздөр жазылган аялдамалар

«Учурда  шаарыбыздагы  аялдамалар  өтө аянычтуу  абалда. Алар  Совет мезгилинде жакшы абалда эле. Азыр  талоонго учураган. Түнү шыйпырларын чыгарып кетишкен. Ар кандай вульгардык сөздөр жазылган. Бирок  эми оӊдоо иштери  башталып, өзгөрүүлөр бар»,- деди Апиза Кубатова.

 

Апиза Кубатова
Апиза Кубатова

Ал  жаштардын  маданияттуу  болуп, замандын  агымына  жараша шаар кооздуктарын  сактоолорун каалайт.

Бала кезинде ошол аялдамаларга туура эмес мамиле кылганына медколлеждин студенти Максат  Токуров  уялаарын белгилейт. Жашаган  жердин  көркү көбүнчө  жаштарга  байланыштуу экенин айтты.

Максат  Токуров
Максат Токуров

«Негизи, аялдама  - коомдук жай. А  бизде алар начар көрүнүштө. Убагында биз да балалык кылып, бүгүнкүдөй абалга келип калышына салымыбызды кошконбуз. Азыр эстесем, уялып калам. Чынында, адамдар аны туура  пайдаланууну  жана  сактоону билүүсү керек. Бир гана мэрия же башкалар эмес  баарыбыз чогуу  аялдамалардын абалына жоопкербиз»,-дейт  Максат мырза.

Ал Кызыл-Кыянын  жаштары  биригип, шаар аялдамаларын оӊдоп-түзөсөк деген демилгесин сунуштайт.

«Мен  ушул идеяны ишке ашырууну ойлонуштуруп  жүрөм. Бирок  жаштар  биригип,  бул  нерсени  ишке  ашыруу  кыйын  болуп  жатат.Менимче  бизге  активдүүлүк  жана уюшумдуулук  жетишпей  жатат»,-деди  Максат.

Учурда  эски  аялдамалардын  ордуна  чакандарын  куруу башталганын   Кызыл-Кыя  шаарынын  муниципиалдык менчик  департаментинин  башчысы Абдыкаар  Сапарбеков  баяндады.

«Жалпысынан  Кызыл-Кыяда  62 аялдама бар. 10у жеке ишкерлерге ижарага берилген, ал  жерге  дүкөн  куруп иштетүү  менен  бирге,  аялдаманын тазалыгына  жоопкер болушат. Жылына  бир  жолу  аялдамаларды оӊдоо  иштери  жүргүзүлөт. Бирок  быйыл эскилеринин ордуна  заманбап, чаканыраак кылып  жаӊыларын куруп  баштадык»,-деди  Абдыкаар  Сапарбеков.

Маалымдалгандай, учурда 4 аялдама жаӊыланган.

Жергиликтүү жашоочулардын  арасынан  бийликти  карап  отурбай, өзүбүз  да  курсак  болот дегендер  бар. Алардын  бири  Зарылбек  Мааткалыков  өз эсебинен  аялдама  куруп берейин дегенде , жергиликтүүлөр эле аны колдогон  эмес.

Зарылбек  Мааткалыков
Зарылбек Мааткалыков

«Шаарда  аялдамалардын  аты  эле  болбосо   жокко эсе. Жамгырда  корголоюн десеӊ,  үстү  ачык, отурайын  десеӊ,  отургучу  жок. Мындай  көрүнүш  шаарга  жарашпайт. Мен  өз  эсебимден  эле  бир  аялдама  куруп берейин  дедим эле. Бирок  ошол  жерде  жашаган  адамдар  «бул  жерге  салсаӊ, жаштар  келип  ызы-чуу  кылышат»  деп  макул  болушпады»,-деди  Зарылбек  мырза.

Ал  аялдама  курууга  бизнесмендерди тартууну  сунуштайт.

«Кайдыгер  эмес  адамдар  белгилүү инсандардын, же  өз  атасынын  атын коюп, өз  эсебинен шаардыктар  үчүн  аялдама куруп берсе  болот»,-деди  З.Мааткалыков.

Кызыл-Кыя  "шаар"  макамын  1938-жылы алган. Шаарда  40 миӊден ашуун  адам  жашайт.

Автор: Гүлзада  Осмоналиева

Сурөттөр  автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева