ИИМ: УКМКнын жөө кызды сүзүп кеткен генерал-майоруна каршы кылмыш иши козголо элек

УКМКнын генерал-майору Борис Полуэктов Бишкектин борборунда тротуар менен бараткан кызды сүзүп кеткен. Кыздын дагы деле ооруканада дарыланып жаткандыгына жана ал тараптан арыз жазылбагандыгына байланыштуу Полуэктовго каршы кылмыш иши козголо элек.

Окуя 17-октябрь күнү кечинде Бишкектин борборунда, Москва көчөсү менен Манас проспетисинин кесилишинде болгон. Анда Борис Полуэктовдун башкаруусундагы унаа тротуар аркылуу бараткан кызды сүзүп, андан ары барып бут кийим дүкөнүнүн кире-беришин жиреп барып токтогон.

Кыздын буту сынып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө анын абалы канаттандыраарлык деп бааланып жатат.

Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-майору Полуэктовго каршы азырынча кылмыш иши козголо элек.

Милиция муну жабырланган тараптан арыз жазылбагандыгы менен түшүндүрүп жатат.

«Кылмыш иши козголгон жок, анткени №4 шаардык ооруканага жаткырылган кыз дагы деле дарыланып жатат. Кылмыш ишинин козголушу жабырлануучуга гана көз каранды», — деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Казыбаевдин айтымында, жабырлануучудан арыз келип түшмөйүнчө административдик жоопкерчилик жөнүндөгү берененин бузулушу гана каралат.

ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү билдиргендей, Полуэктов мас абалында унаа башкаргандыгы жана жол кырсыгына катышкандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

61 жаштагы генерал-майор Полуэктов 90-жылдары улуттук коопсуздук министринин (азыркы УКМК)орун басары кызматында иштеген.

Анын кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылгандыгы, ошондой эле ал жакка барган милиция кызматкерлерине атайын кызматтын ардагери деген күбөлүгү менен таасир этүүгө аракет кылгандыгы айтылып жатат.

Бирок бул эки фактыны тең башка булактардан текшерип көрүүгө мүмкүн эмес.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Улан Мырза

Сүрөттүн авторуМарат Уралиев, «Вечерний Бишкек»