Бакир уулу сексуалдык тарбия берүүнүн ордуна дин таануу сабагын киргизүүнү сунуштады

Депутат Турсунбай Бакир уулу өспүрүмдөргө сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерди өрттөө керектигин билдирди. Эл өкүлү алардын ордуна мектептерде дин таануу жана адеп-ахлак боюнча сабактарды киргизүүнү сунуштап жатат.

Парламентарий Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде мектептерден сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерди алып өрттөө керектигин, ал эми алардын таркатуучуларына — «Репродуктивдүү саламаттык альянсына» каршы — кылмыш ишин козгоо керектигин билдирди.

Бакир уулу сексуалдык тарбия берүүнүн ордуна жаш кыздар менен балдар өзүлөрүн кандай алып жүрүүлөрү керектигин окутуу үчүн мектептерде дин таануу жана адеп-ахлак сабактарын киргизүүнү сунуштап жатат.

Эл өкүлү ошондой эле Репродуктивдүү саламаттык альянсынын аткаруучу директору Галина Чиркинанын айткандарын четке какты – ал парламент жыйынында Бакир уулу аны өрттөй тургандыгын айтып, коркуткандыгы жөнүндө билдирген болчу.

«Ал сөзмө-сөз:“Мен билим берүү министрлигинин имаратынын жанында Шапирдин китептерин өрттөгөм, силердин китепчелериңерди жана сизди да өрттөйм” деген», — деп билдирген Чиркина.

Парламент комитетинин жыйыны боюнча комментарий берип жатып Парламентаризм үчүн салык төлөөчүлөр союзу депутаттарды Конституцияга эмес, диндин эрежелерине көп багыт ала баштагандыктарын айтып айыпташкан

«Ал жыйында окумуштууларга, дарыгерлерге жана эксперттерге сөз берилген жок, бирок Конституцияны эмес диндин эрежелерин негиз кылуу менен сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттык жөнүндөгү агартуучулук китепчелерди өрттөөнүү сунушташты», — деп жазылган Союздун кайрылуусунда.

Автор: Александра Ли