Уильям Эдвардс: «Жамгыр балдарына» аяр мамиле керек

Оштогу аутизм менен ооруган балдардын ата-энелерине АКШнын Клемсон университетинен келген дарыгерлер кеп-кеңеш берип, индивидуалдуу мамиле кылуунун ыкмаларын үйрөтүштү.

Оштогу балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунда аутист балдар да дарыланышат.

Касиет Омуралиева
Касиет Омуралиева

Байыш Исраилов 3 жашта. Аны апасы Касиет Омуралиева Жалал-Абад шаарынан Оштогу реабилитациялык борборго алып келген. 17 күн аралыгында жакшы натыйжа болуп жатканын белгиледи.

«5 балам бар. Бул ооруган балам эгиздин түгөйү. Төрөлгөндө эле алсызыраак болчу. Көп ооруду. 1 жашында ДЦП деп диагноз коюшту. 1,6 жашында пневмания болуп калды. 2 өпкөсү шамалдагандан кийин колу-буту иштеши начарлады. Кийин да каттуу ооруп ооруканага жаттык. Тамак жей албай кыймылдабай, бир чекитти карап жата берчү болду. Бишкекте да дарыландык»,- деди К.Омуралиева.

Байыш Исраилов
Байыш Исраилов

Ал уулу Байышты чет элдик адистерге көрсөтүп, жардам алганын кошумчалады:

«Жалал- Абаддагы «Мээрим ай» фондунда учетто турабыз. Ал жерде Австралиядан келген адистер көнүгүүлөрдү жасоону үйрөтүштү. Кийин дагы доктор Томас келип, башка тапшырмаларды берди. Натыйжасы жакшы болуп, балам отуруп, жөрмөлөп калды. Ал эми бул борбордо массаж, парафин баары акысыз»-деди Касиет айым.

Жакында реабилитациялык борборго Америкалык адистер келип, аутизм менен ооруган балдарды кантип дарылоо боюнча тажрыйбаларын бөлүштү.

Уильям Эдвардс
Уильям Эдвардс

Аутизм боюнча адис Уильям Эдвардс ата- энелер оорулуу балдарына кандай мамиле кылып, кантип тарбиялоонун ыкмаларын айтып берди.

«Ата-энелер балдарына индивидуалдуу мамиле кылып, ыңгайлуу ыкмалардуу колдонуусу оң. Балага кайдыгер болбой, маанайын чөктүрбөй,  изденүүсү шарт. Башка ата –энелер менен да тажрыйба алмашуу керек.  Дарылоону да ата-эне өзү үйрөнүүсү шарт, себеби баласы менен үйүндө деле иштесе болот. "Жамгыр балдарына" аяр мамиле керек»,- деди Уильям Эдвардс.

Ал ата-энелер жана психологдордун суроолоруна жооп берди.

Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан Асел 6-класста окуйт. Мында аны апасы алып келген. Эне бул долбоор кызына жагып жатканын айтты.

«5 баланын энесимин. Асел 7 айлык болуп төрөлдү. Башында ден-соолугу жакшы, баары жайында болчу. 5-6 айында эки өпкөсү шамалдап, анан реанимацияда, ооруканада көп жаттык. Үйдө чөптөр менен да дарыладык. Санаторийлерге да жатып жүрдүк»,- деди ал.

Эки жыл мурда бутуна операция жасатып ийгиликтүү болуптур. Учурда борбордо дарыланып жатышат.

«Тез-тез дарыланып турабыз. Эми 2- операциясы жасалат. Буюрса, Москва шаарындагы дарыгерлерге да алып барсакпы деп жатабыз. Негизи акыл-эси жакшы, сезимдүү. Англис тилине кызыгат. Өзүбүз окутуу курстарына алып барып турабыз»-дейт Аселдин апасы.

Ош шаарындагы балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунун бөлүм башчысы Зарифа Акматова бул медициналык мекеме 2002-жылдан бери иштеп, 70тен ашуун балдар дарыланып жатканын айтты.

Зарифа Акматова
Зарифа Акматова

«Бизге Ош шаарынан гана эмес түштүк региону боюнча кайрылышат. Долбоордо бардык шарттар түзүлгөн жана баары аксыз. Мамлекет каржылайт. Ата-энелерге массаж боюнча курс ачылган. Аутизм боюнча ар төртүнчү күндөрү семинар өтүлүп турат»- деди Зарифа Акматова.

Маалымдалгандай, Эйнштейн, Ньютон, Микеланджело, Кант жана Моцарт аутизм менен жабыркагандыгы айтылат.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева