УКМК кош бойлуу келиндин баласынын тергөө абагында чарчап калганын четке кагууда

УКМКнын тергөө абагында жаткан кош бойлуу келиндин баласы өлүп калышы мүмкүн, бирок ага тиешелүү камкордук көрүлбөй жатат — бул тууралуу белгилүү юрист Икрамидин Айткулов билдирди. Атайын кызматтагылар андай болуп жатканын толугу менен четке кагып жатышат.

Сегиз айлык боюнда бар Саадат Маматкаримова Улуттук коопуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жатууга аргасыз, ал мыйзамсыз баңгизатын сактаган деп айыпталып жатат.

Социалдык түйүндөргө Маматкаримова жөнүндөгү бул маалыматты жарыялаган юрист Икрамидин Айткулов ал кош бойлуу келиндин түйүлдүгү «өспөй эле», же «өлүп калган болушу мүмкүн» деп эсептеп, аны ооруканага жаткыруу керектигин билдирди.

«Анын ден соолугу, түйүлдүгү жакшы эмес. Тергөө абагынын кызматкерлери аны дарыгерлерге көрсөткөндө алар ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан. Абактын кызматкерлери келинди ооруканага жаткырууга макул экендиктерин, бирок аны менен бир палатада күзөтчү да болушу керектигин билдиришкен. Буга дарыгерлер макул болушкан эмес», — деди ал.

Айткуловдун айтымында, атайын кызматтагылар дарыгерлер каалагандай Маматкаримованы күзөтчүсү жок эле ооруканада калтыруудан баш тартышкан.

«Ал камактагы адам болгондуктан УКМК аны кайтаруусуз калтыра алган жок. Аны дал ушул себептен ооруканага жаткырышкан жок. Жыйынтыгында, анын саламаттыгы коркунучта, анткени тергөө абагынын шартында ал өз маалында тиешелүү деңгээлде дарылана албайт, аларда гинекологдор жок», — деди юрист.

«Төрөткө даярданууда»

Айткулов тараптан айтылган айыптоолордон кийин атайын кызматтагылар пресс-релиз таратышты, анда юристтин айткандарын «ойдон чыгарылган» нерсе деп аташкан.

УКМК Маматкаримовага карата бардык тиешелүү камкордуктар көрүлүп жатканын айтып, ынандырууга аракет кылууда — мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кош бойлуу келин камалгандан беш ай өткөндөн кийин «бардык тиешелүү талаптарга жооп берген» атайын бөлмөгө жаткырылган.

«Белгилей кетиш керек, камактагы келиндин кош бойлуу экендигин эске алып УКМКнын тергөө абагынын жетекчилиги С.Маматкаримованы ооруканага жаткыруу боюнча түрдүү дарылоо мекемелерине кайрылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, учурда кош бойлуу келин Республикалык №6 ооруканага жаткырылып, төрөткө даярданууда.

Автор: Алексей Ким

Материалда иллюстрацияланган сүрөт пайдаланылды