Гемофилия менен ооруган камактагы адам ден соолугу начарлап кеткендиктен ачкачылыгын токтотту

Гемофилия менен ооруп, №47 түзөтүү абагынын ооруканасында жаткан камактагы адам беш күн тамак жана суу ичүүдөн баш тарткандан кийин ачкачылык акциясын токтотту. Дарыгерлер анын абалын канааттандыраарлык деп баалап жатышат.

А тобундагы гемофлия менен ооруп жаткан Давран Кадыров ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу 21-октябрда ачкачылык акциясын токтотту.

«Жок дегенде тамак менен жардам көрсөтүү керек, антпесе мен күн өткөн сайын алсырап барам. Ачкачылыкты токтотпосо болбойт, аларга баары бир экен, дары алып келишпейт. [...] Карасам ачкачылыктан абалым начарлай баштады, а аларга баары бир, [дарыгерлер] “өлсөң өл, а биз сага эч кандай жардам бере албайбыз” деп айтып жатышат», — деп түшүндүрдү ал Kloop.kgге берген маегинде.

Кадыров ачкачылык жарыялоосу менен сакайып кетиши үчүн зарыл болгон кан куюуу процедурасынын жасалышын талап кылган.

Анын айтымында, ага дарылануу үчүн зарыл болгон жасалма канды бир гана жолу, ачкачылык жарыялаган күндүн эртеси алып келишкен.

«Бир эле жолу алып келишти, андан кийин башка жок, бере албайбыз деп алып келишкен жок. Мен ачкачылык акциясын токтотоорум менен эле дароо башка жок дешти», — деди Кадыров.

«Дарыгерлердин көзөмөлүндө»

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Ольга Степкичева Kloop.kgге берген маегинде оорулуунун абалы канаттандыраарлык деп бааланып жатканын билдирди.

«Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарылануусун №47 түзөтүү абагында улантып жатат», — деди ал.

Степкичева алар Кадыровго кан куюуу жолдорун издеп жаткандыктарын кошумчалады.

«Биз Эл аралык кызыл крест менен Республикалык кан борборуна кайрылганбыз, бирок азырынча алар бизге эч кандай жардам бере алышпайт экен, тактап айтканда, Республикалык борбор. А кызыл кресттен азыр жооп ала элекпиз», — деди ал.

Кан куюууга аппараттар жок

Кадыров кургак ачкачылыкты 16-октябрь күнү эртең менен жарыялаган болчу. Ал анын дарыланышы үчүн зарыл болуп жаткан кан куюуу процедурасынын жасалышын талап кылган.

Кадыров азырынча кылмышка шектүү деп гана эсептелинет жана сотко чейин тергөө абагында камалышы керек болчу, бирок ал ооруканасы бар үчүн №47 абакка которулган.

Ал ооруканасы бар абакка которулганы менен бары бир тиешелүү дарылануу курсу менен камсыз кылынган жок – анда канн куюуучу аппараттар жок.

Кадыровдун айтымында, ачкачылык жарыялагандан кийин андан тамак жана суюктук ичүүдөн баш тарткандыгы жөнүндөгү арызын кабыл алгылары келген эмес.

«Эртең менен отрядникти [камактагыларды текшерүү үчүн келип, алардан арыздарын чогултуп кетчү киши] таппай койдум, кечинде жетекчиликке барып айтууга туура келди. Отрядник келбейт, дарыгерлер келишпейт, адамдарды таптакыр баалашпайт», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Кадыров 2011-жылдын декабрында кармалган. Ал маңзатын сактаган жана таркаткан деп шектелип жатат.

Шектүүнүн өзү болсо аны атайын уюштурулган сценарий боюнча айыптап жаткандыктарын билдирүүдө.

«Мага уялбастан эле 10 килограмм героинди алып келип, бул сеники деп туруп камап салышты. Өздөрү сотко келбей жатышат, эч нерсе далилдешпей эле», — деди Кадыров.

Автор: Александра Ли