Саруунун жашоочулары камактагы айылдаштарынын бошотулушун талап кылып митингге чыгышты

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 800дөй киши митингге чыкты. Алар «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен 7-октябрда Караколдо өткөн митингден кийин кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып жатышат.

Милициянын маалыматтары боюнча, митинг тынч өтүп жатат жана бул жолкусунда жашоочулар жол тосушпай эле.

Алар буга чейинки митингдеринин дээрлик баарында тең жол тосуууга барып келишкен болчу.

Митингдин катышуучуларынын саны боюнча Kloop.kgнин журналисттерине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абраимов билдирди — расмий маалыматтар боюнча, 23-октябрь күнү түшкө жакын Саруу айылында 800дөй киши чогулган, бирок бир саат өтпөй алар тарай башташкан.

Чогулган элдин арасында атчандары да бар. Алар 7-октябрда Караколдо өткөн митингде милиция менен болгон кагылыштан кийин кармалган айылдаштарынын бошотулушун жана «Кумтөр» алтын кени боюнча учурдагы келишимдин жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

Митингден улам жергиликтүү ишкерлер дүкөндөрү менен коммерциялык банктарын жабышты — бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден караколдук журналист Кундуз Сырдыбаева билдирүүдө.

Саруу айылы бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы эң башкы талаша турган маселелелердин бири болуп келген «Кумтөр» кени менен бир райондо жайгашкан.

Оппозиция канадалык «Центерра Голд» компаниясы ээлик кылган, акцияларынын бир бөлүгү Кыргызстанга таандык болгон кендин улутташтырылышын талап кылууда.

Кыргызстандын бийлиги улутташтыруу мүмкүн эмес экенин билдирип, «Центерра» менен жаңы келишим түзүүнүн мүмкүнчулүктөрүн талкуулап жатат.

Бийлик тарабынан сунушталган акыркы вариантта «Кумтөрдү» башкаруу боюнча 50 пайыздан Кыргызстан менен  «Центеррага» тиешелүү болгон жаңы ишкана түзүү каралган.

Бирок бул вариант күздүн келиши менен «Кумтөр» боюнча митингдердин жаңы сериясын баштаган оппозицияны ынандырган жок.

7-октябрда болгон Караколдогу митингге негизинен Саруу айылынын жашоочулары катышышкан, алар «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылышкан.

Саруулуктар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди төрт саатка барымтага алышкандан кийин облустук администрациянын имаратын эки жолу басып алууга аракет кылышкан. Бирок жыйынтыгында аларды милиция кууп тараткан.

Анда 23 киши кармалган, алардын 13ү дагы деле камакта. Аларга каршы барымтага алуу сыяктуу бир нече бере боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Алексей Ким