Жаӊы конуштарга трансформаторду ким орнотуш керек?

Баткен облусуна караштуу Майдан айыл өкмөтүндө  электр тогун колдонуучулар менен электр  тармактар ишканасынын ортосунда пикир келишпестик  жаралды. Эки тараптын талашы жаӊы конуштарга трансформаторлорду жана электр зымдарын ким тартыш  керек деген суроодон чыгып жатат.

Жергиликтүү бийлик  жаӊы конуштарга электр энергияны  тартуу  чыгымын электр энергиясын сатуучу мекемелер өздөрү каржылаш  керектигин айтууда.  Ал эми электр энергиясын саткан ишкана бардык шартты жергиликтуу бийликтер тузуп беруугө милдеттуу  деген пикирде. Ош мэриясы  бул маселени үч тараптуу чечебиз деген ойдо. Адистердин айтымында,  бул көйгөйдү атайын коммиссия чечүүгө тийиш.

Латифа Муратова  Майдан айыл өкмөтүнун башчысы.

Латифа Муратова
Латифа Муратова

«Электр тармагы боюнча проблема өтө чоӊ. Электр энергия жетпеген жаӊы конуштар аябай көп.Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын пикиринде, айыл өкмөт  трансформатор, электр  чубалгалары  менен каржылаш керек . Ал эми «Ош электр» силер жергиликтүү  бюджеттин эсебинен трансформатор сатып алгыла ошондо гана биз свет беребиз деп жатат.Трансформатор сатып алгандан кийин «Ош электронун»  балансына өткөрбөсөӊөр биз  тейлебейбиз деп билдиришти.  Айыл өкмөттүн бюджетинде электр тармактарын тарттыруу каралган эмес. Бирок буга карабастан  «Ош электр» ААК , айыл өкмөт  трансформатор, электр чубалгалары  менен каржылаш керек  деген доомат менен  20 жылдын тегерегинде  ушул маселе чечилбей келет.

«Ош электр» ААК жеке менчик  болсо элге кызмат  көргөзсө, электр энергияны сатса, алар өздөрү орнотуш керек. Бирок тилекке каршы өкмөт, көп чечилбеген маселелерди айыл өкмөткө жүктөп коюп, жоопкерчилик болбой жатат»,-дейт ал.

Авариялык абалдагы зым карагайлар
Авариялык абалдагы зым карагайлар

Оштогу электр энергиясын колдонуучулардын укугун коргоочу «ЮНИСОН»   коомдук уюмунун өкулу Жаныбек Кулумбетов азыркы мыйзам боюнча жаӊы конуштарды  электр энергия  менен камсыздоо жергиликтуу бийликтердин милдети экенин айтууда.

Укук коргоочу Жаныбек Кулумбетов электр энергия  менен жергиликтүү бийлик камсыздаш керектигин белгиледи:

«Бул өтө чоӊ актуалдуу маселе, Кыргызстандын бүт булуӊ бурчуна тиешелүү.Ар бир эле айылда сөзсүз түрдө жаӊы үйлөр курулат жаӊы участоктор берилет.Айыл өкмөт, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ушул маселелерди чечиш керек.Себеби булар мамлекеттик орган.Ушундай көйгөйлөрдү Жогорку Кеӊештин,президенттин деӊгээлине коюп чечүүгө булар милдеттүү»,-дейт юрист.

Жалал-Абад  Электросунун техникалык директору Азамат Паизов жаӊы конуштарга  светти ким тартыш керектиги тууралуу мыйзамды көрсөтүп, элди свет менен камсыздоо чыгымдарын жергиликтүү  бийлик аткарыш керектигин айтууда.

Бул боюнча электр тогун пайдалануучулардын укугун коргоочу «ЮНИСОН»  коомдук уюмунун жетекчиси Эркин Бейшеев менен баарлаштык. Ал, электр тармактары аткаруучу жумуштарды жергиликтүү  бийликке жүктөп койгон азыркы мыйзам туура эмес деген пикирде.

«Менин оюмча эмне үчүн эл трансформатор сатып алып туруп РЭСтин балансына өткөзүп бериш керек.РЭС компенсация төлөп берүүгө тийиш.Себеби бул ачык акционердик коом.Мамлекеттик орган эмес.Бул коом элге өзүнүн товарын сатып жаткандан кийин трансформатор менен РЭС камсыз кылыш керек»-дейт ал.

Мыйзам эмне дейт?

Жалал-Абад электр  мекемесинин техникалык директору Азамат Паизов КРнын архитектура жана шаар куруу жөнундөгу мыйзамды көрсөтуп, жаӊы конуштарга свет алып барууга керектуу шартты жергиликтуу бийлик тузуш керектигин айтууда.  Андан тышкары айыл өкмөттун эсебинен алынган трансформаторлор да,  электр энергия сатуучу ишканаларына акысыз өткөрүлүп берилишин талап кылууда.

Оштогу Юристан юридикалык компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында  так мыйзам жок.

Юрист Максат Жорокулов жаӊы конуштарга электр зымдар кимдин эсебинен тартылыш керектигин так көрсөткөн мыйзам Кыргызстанда жок экенин айтууда. Анын пикиринде Жергиликтуу бийликтер менен электр тогун сатуучу мекемелердин ортосундагы мамилелерди так көрсөткөн мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы бар.

Жаӊы конуштарга свет жеткирүүгө   тиешелүү  чыгымдар кимдин капчыгынан  коротулушу керек деген суроодон жаралган келишпестикти  Жергиликтүү  бийлик өкүлү Жумагүл Токтосунова элге светти электр тармактары тартыш керектигин  айтууда.

«Трансформатор керек болсо ар жактан демөөрчү издейбиз .Ал эми зымын эл сатып алат. Майы түгөнүп калса деле эл акча топтоп алат. Трансформатордун бир жери бузулуп калса светчилер оӊдошпойт. Эл светке акча төлөп жаткандан кийин алар ремонтун караш керек да. Өзүбүз чуркап жүрүп электрик  таап келип оӊдоп берчи, трансформаторго оор келдиби айтор светибиз өчүп калды деп жалдырайбыз. Менин оюмча элге светти электр тармактары тартыш керек деп ойлоймун»,-дейт Жумагүл.

Буга Ош электро акционердик коомунун маалымат катчысы Талгат  Алиханов мыйзам боюнча жаӊы конуштарга свет  тартууга керектүү  каражаттар жергиликтүү  бийликтин капчыгынан кетиши керектигин айтууда.

Электр зым карагайлардын жетишпестиги
Электр зым карагайлардын жетишпестиги

«Бул маселе боюнча 2008- жылы токтом чыккан.Ошол токтомдун негизинде жаӊы конуштарга жер берилип жатканда ошол жердин инфраструктурасына акча бөлүп берүү жергиликтүү бийликке милдеттендирилсин деп айтылган. Эми инфраструктурага свет, жер, жол, жана социалдык объекттер  кирет.Ошол себептен трансформатор электр чубалгаларын тартуу жергиликтүү бийликтин милдети»,-дейт ал.

Чечүү жолдору

«Жергиликтүү бийлик бутактарынын функцияларын так бөлүш керек. Айыл өкмөттүн бюджетин карап туруп  анан милдеттерди тагыш керек. Ар бир айыл өкмөттүн бюджети ар башка.Кээ бир айыл өкмөттүн бюджети өтө төмөн.Дал ушундай айылдарга датация бериш керек,ал оӊой эле. Мамалекет көп маселелерди  тоо кен компаниялары аркылуу чечүүгө аракет кылып жатат.Бирок мамлекеттик туруктуу стратегия болуш керек. Эӊ эле жөнөкөй мына ушул бир жака агып кетпеген бир жака куюлуп калбаган  электр энергиясын пайдалануу ,өзүнүн нугунда болбой жаткандыгы адамдын ыйлагысын келтирет.Аймактарды свет менен камсыз кылуу бул мамлекеттин милдети.Бирок ААК Ош электр жеке менчик болгондуктан трансформатор менен булар камсыз кылуу керек»-дейт байкоочу Азамат Шарипов.

Азиз Аширалиев  Чоӊ-Алай райондук мамлекеттик  администрациясынын акими:

«Буга чейин подстанциялар  кароосуз , баланста жок болуп келген бүгүнкү күндө баардык документтерди тактап  туруп РЭСтин балансына өткөзүп бердик. Быйылкы  жылдын эсебинен 11 подстанцияны өткөздүк. Бул трансформаторлор союз убагындагы совхоз колхоздон калган. РЭСтин балансына өткөрүү менин оюмча туура себеби бүт тейлөөнү алар өз мойнуна алды»,-дейт ал.

Аксы районуна караштуу Дөӊ-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Баатырбек  Кыдыев  мамлекет каржылаш керек деген ойду айтууда.

Жалал-Абад шаарынын мэри Абдималик Апсаматов  эмне дейт?

«Жаӊы конуштарды  мамлекет электр энергия менен камсыз кылууга  тийиш.Планга киргизип, сессияда карап, бул маселени чечүү зарыл. Эми биз жарым акчаны мэриянын чечими менен  каржыламак болдук ал эми калган жарымын сессияга коюп чечели»,-  деп мэр убадасын берди.

Спикер  Каныбек  Достонов  бөлүнгөн каражат кайда кетүүдө деп нааразы.

«РЭСтин жетекчиси элди ойлобогон киши. Эгерде үйлөрдөн уурдалган свет тапса канча миӊдеген айып салат. Сотко канча иш ашты ошонун баарын утуп чыкты. Ошол акчалар кайда кетип жатат. Негизи РЭСти өнүктүрүүгө деп да акча бөлүнөт. РЭСтин жетекчиси өзү, шаардык кеӊештин депутаты»,-дейт спикер.

Жаӊы конуштарды  электр энергия менен ким камсыз кылыш керек?

« Жаӊы конуштарга жер бөлүнүп берилгенден мурда коммиссия ал жердеги суу, свет,  жол маселесин чечүү үчүн атайын чечим кабыл алыш керек. Айыл өкмөтү чечеби же болбосо шаардык мэрия чечеби айтор бул маселе жер бөлүнүп бергенге чейин чечилиш керек»,-дейт укук коргоочу Тойчу Салимов.

Эл пикири

“Жергиликтүү эл трансформатор койгонго көмөктөшүш керекпи?- деген суроо менен kloop.kg сайты тургундарга кайрылды.

Ош шаарынын тургуну Арстанбек Жудомушев:

- Менин оюмча бул маселени үч тараптуу чечиш керек.Жергиликтүү бийликке баардык нерсени жүктөп койгон туура эмес. Айыл өкмөттөрдө ансыз деле каражат жок.Бул көйгөйдү чечүүгө мамлекет, айыл өкмөт,жергиликтүү эл үч тараптуу чечиш керек.

Араван районунун тургуну Арзыкан Болотбекова:

-Электр энергиясын саткан мекемелер трансформатор менен камсыз кылганга милдеттүү деп ойлоймун.Себеби эгерде мен мисалы бир дүкөндө помидор сатсам.Ошол жерге аренда төлөймүн.Ошол дүкөндө товарымды сатып жатамын.Ошол сыяктуу эле электр энергиясын саткан ишканалар бизге товар башкача айтканда свет сатып жатышат.Биз керектөөчүлөр  ал үчүн акча төлөп жатабыз.Ошондуктан ошол мекемелер трансформатор менен камсыз кылыш керек.

Ноокат шаарынын тургуну Бермет Сакишева:

-Жаӊы конуштарды электр энергия менен камсыз кылуу мамлекеттин мойнунда болуш керек.Азыркы бийлик бири-бири менен кресло талашпай ушуга окшогон маселелерди чечип койсо болот эле.Акча жок акча жок дешет чет  өлкөдөн үйлөрдү алышат.Хан сарайларды курушат.Элди да кичине ойлош керек да.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Жанжигит  Бөрүбеков:

-Жаӊы конуштарга жер бөлүп бергенден мурда ушул маселелер чечилүүсү зарыл.Жергиликтүү бийлик да, эл да,мамлекет да  көмөк көргөзсө ушул көйгөй чечилет болбосо жок.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр автордуку.

Макала  «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында жарыяланды.