Бишкек мэриясы Терентьевдин үйүн жаңылап, калыбына келтирет

Шаар бийлиги Пишпектин эң алгачкы башчысы Илья Терентьевдин үйүн жаңылап, калыбына келтирүү чечимине келди — бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Бирок азырынча оңдоо иштерине каражат табыла элек.

Эстеликти жаңылап, калыбына келтирүү иштеринин качан башталаары азырынча белгисиз.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы үйдү калыбына келтирип жаңылоого мамлекеттик бюджетте акча жок экенин билдирди.

«Мамлекеттик бюджетте бул каражат пландаштырылган эмес. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева.

Ал эстелик шаар мэриясынын эмес, маданият министрлигинин балансында болгондуктан жаңыланбай келгенин кошумчалады.

Бишкектин жашоочулары Терентьевдин үйүнүн абалынын начардыгын көп эле айтып, нааразы болуп келишкен — кээ бир интернет колдонуучулар аны өзөктүк жарылуудан кийинки имарат менен салыштырышкан.

XIX кылымдын соңунда курулган үй шаардын түндүк бөлүгүнүн кооздугу болчу, а анда жашаган Терентьев көчөлөрдү тартипке келтирип, Пишпекке шаар көрүнүшүн берүү менен өз ысымын Кыргызстандын борборунун тарыхында тбөлүккө калтырган.

XXI кылымдын башына карата имарат начарлап, урай баштаган.

Мурдагы көрүнүшү:

47920

Бүгүнкү көрүнүшү:

Автор: Александра Ли