Кыргызстан «Кумтөрдүн» акциясынын 67 пайызына аракет кылат

Парламент депутаттары «Кумтөр» алтын кениндеги Кыргызстандын акцияларынын үлүшүн көбөйтүүнү талап кылышты. Премьер-министр Сатыбалдиев 2013-жылдын аягына чейин акциялардын үчтөн экисин алууга «мүмкүн эмес» деп эсептейт.

23-октябрда парламент депутаттары буга чейин сунушталгандай үлүштөрдүн тең жарымы үчүн эмес, «Кумтөр» ишканасындагы Кыргызстандын үлүшүнүн 67 пайызга чейин көбөйтүлүшү үчүн добуш беришти.

Эми өкмөт 2013-жылдын аягына чейин пландалып жаткан жаңы ишканадагы өлкөнүн үлүшүн көбөйтүү боюнча канадалык «Центерра» компаниясы менен макулдашышы керек.

Учурда канадалыктар «Кумтөрдүн» 100 пайызына ээлик кылат, а Кыргызстанда  «Центеррадагы» акциялардын 33 пайызы бар.

Парламент сессиясы дээрлик 10 саатка созулду — анда депутаттар Кыргызстан акциялардын канча пайызына ээлик кылышы керектиги боюнча чечимдерин бир нече жолу өзгөртүштү.

Алгач парламентарийлер «Кумтөрдүн» акцияларынын 67 пайызы үчүн добуш беришкен болчу, бирок кийинчерээк бул чечимин кайра жокко чыгарышкан. Жыйынтыгында, өкмөттү кайрадан акция үлүштөрүн көбөйтүүгө аракет кылууга биротоло милдеттендиришти.

Өз кезегинде талкууга катышкан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев канадалык «Центерра» өз үлүшүн азайтууга макул болбой тургандыгын бир нече жолу билдирди.

Сатыбалдиев декабрдын аягына чейин Кыргызстан акциялардын 67 пайызын ала алаарына ишенбестигин айтып, депутаттарга дароо эле анын кызматтан кетиши үчүн добуш берүүнү сунуштады.

«Кумтөрдүн» келечектеги тагдырын талкууга алуу бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы эң башкы талаша турган маселелелердин бири болуп келүүдө.

Бийликтин каршылаштары акцияларынын бир бөлүгү – 33 пайызы Кыргызстанга тиешелүү болгон, бирок ишкананын ээси болуп канадалык «Центерра Голд» компаниясы эсептелген «Кумтөрдүн» улутташтырылышын көптөн бети талап кылып келишет.

Бир нече жолку нааразычылык акциясынан кийин – үстүбүздөгү жылдын жай айларында – Кыргызстандын өкмөтү «Центеррага» үлүштөрү тең болгон жаңы биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштаган. Анын ордуна Кыргызстан «Центеррадагы» акция үлүштөрүнөн баш тартмак.