Милиция: УКМКнын жөө адамды сүзүп кеткен генерал-майоруна каршы кылмыш иши козголбойт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-майору Борис Полуэктов жөө адамды сүзүп кеткендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт — бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Буга жабырлануучунун арыз жазуудан баш тарткандыгы себеп болгон.

17-октябрь күнү Бишкектин борборунда Полуэктов унаасы менен сүзүп кеткен кыз ага каршы арыз жазуудан баш тартты — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

ШИИБинин басма сөз кызматынан генерал-майор жабырлануучуга келтирген чыгымдар төлөп бергендигин, буга байланыштуу унаа кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголбой тургандыгын билдиришти.

«Полуэктов жабырлануучуларга келтирилген чыгымдардын баарын төлөп берди. Жабырланган кызга материалдык жактан жардам берип жаткандыктан ал арыз жазуудан баш тартты», — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.

Генерал-майорду судья аныкташы керек болгон административдик жаза күтүп жатат — ал унаа кырсыгына себеп болгондугу, ошондой эле мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн жазаланышы мүмкүн.

Юрист Шарабидин Токтосунов генерал-майор мас абалында кырсыкка катышкандыктан жабырлануучунун арыз жазууга макул болгонуна же баш тарткандыгына карабастан Полуэктовго каршы кылмыш иши козголушу керек деп эсептейт.

«Жабырлануучу арыз жазбаган күндө да кылмыш ишинин токтотулушу мүмкүн эмес. Ал жазасын жеңилдетет, бирок тергөөчү ишти токтото албайт», — деди юрист.

Окуя 17-октябрь күнү кечинде Бишкектин борборунда, Москва көчөсү менен Манас проспетисинин кесилишинде болгон. Анда Борис Полуэктовдун башкаруусундагы унаа тротуарда бараткан кызды сүзүп, андан ары барып бут кийим дүкөнүнүн кире-беришин жиреп барып токтогон.

Жыйынтыгында, кыздын буту сынып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Анын кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылгандыгы, ошондой эле ал жакка барган милиция кызматкерлерине атайын кызматтын ардагери деген күбөлүгү менен таасир этүүгө аракет кылгандыгы айтылууда.

90-жылдары ал улуттук коопсуздук министринин орун басары болуп иштеген.

Автор: Улан Мырза