УКМК Караколдогу митинг маалында кармалгандар кыйноого алынбагандыктарын билдирди

Атайын кызматтагылар кармалгандар денелериндеги жараттарын Караколдогу башаламандыктарды токтотуу маалында алгандыктарын билдирип жатат. Кыйноолор болгондугу жөнүндө буга чейин кармалгандарды коргоо комитети билдирген болчу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы алар 7-октябрда, «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн Караколдогу митинг маалында кармалгандарды эч кандай кыйноого албагандыктарын билдирип, ишендирүүгө аракет кылууда.

«Кармалган адамдардан камактагы шартынын, режиминин бузулгандыгы, ошондой эле УКМКнын кызматкерлери тарабынан жөнү жок, жаман мамилелердин болгондугу жөнүндө эч кандай даттануулар болгон жок», — деп жазылган атайын кызматтагылардын пресс-релизинде.

УКМКнын версиясы боюнча, кармалгандар жараттарын Караколдогу башаламандыктарды токтотуу маалында алышкан.

«Алар [кармалгандар] денелериндеги жараттарды укук коргоо органдарынын массалык башаламандыкты токтотуу операциясы маалында алгандыктарын белгилешти», — деп жазылган пресс-релизде.

Буга чейин Караколдо кармалгандардын укуктарын коргоо комитети кармалгандар милиция жана УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноолорго алынгандыктарын билдирген болчу.

«Ашыкча ызы-чуу» чыгарбаш үчүн УКМКнын кызматкерлери кармалгандарды шаардын сыртына, талаага алып барып кыйноого алышкан», — деген комитет мүчөсү Карыпбек Чакебашев журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

«Аларды талаага алып барышаары менен баштарына мүшөк кийгизишип, колу-буттарын байлап сабап башташкан. Башаламандыктын сегиз катышуучусу катуу токмоктолгон. Калган беши кийинчержжк кармалышкан окшойт», — деди ал.

Караколдогу башаламандык маалында кармалгандарды коргоо комитети кармалган адамдардан бир нече жолу даттануулар келип түшкөндөн кийин экс-акыйкатчы Турсунбек Акун тарабынан түзүлгөн.

Караколдогу башаламандыктар 7-октябрь күнү «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингден кийин башталган, ага негизинен Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын жашоочулары катышышкан.

Митигдин жүрүшүндө алар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди төрт саатка барымтага алышкан, андан соң эки жолу облустук администрация имаратын басып алууга аракет кылышкан

Митинг катышуучуларынын администрацияны басып алуу боюнча экинчи аракетинен кийин милиция аларды кууп тараткан, бул өз кезегинде нааразы болгондор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышка алып келген.

Милиция митингден кийин түндө 25 кишини кармаган, бирок кийинчерээк алардын жарымы бошотулган.

Автор: Александра Ли