Мурунку Бакыт өргөөсүнүн маңдайындагы скульптуралык сүрөттөрдүн абалы жакшыртылат

Укук коргоочу Елена Воронина мурунку Бакыт өргөөсүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерине тынчсызданып жатат — ал андагы жумушчулар имараттын маңдайына түшүрүлгөн скульптуралык сүрөттөрдү тешип жатышат деп эсептөөдө. Куруучулар болсо тескерисинче, аларды нормалдуу абалга алып келүүгө аракет кылып жаткандыктарын билдирип жатышат.

Kloop.kgнин кабарчылары менен маектешкен куруучулар Воронинанын мурунку Бакыт өргөөсүндөгү скульптуралык сүрөттөрдүн бузулуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрүн четке кагышты.

«Эч нерсени бузуп, талкалабай элебиз. Биз косметикалык оңдоо жүргүзүп, ал сүрөттөрдү нормалдуу абалга алып келели деп атабыз», — деди аты-жөнүн айткысы келбеген куруучу.

Ал алар тескерисинче, жарака кеткен жерлерин жамоонун үстүндө иштеп жаткандыктарын кошумчалады.

«Биз сырдап, маңдайын косметикалык оңдоодон өткөрөбүз. Мен мындагы скульптуралык сүрөттөрдүн Советтер Союзу маалынан бери оңдоло электигин билем. Биз жарылган жерлерин жамачылайлы деп атабыз», — деди куруучу.

Скульптуралык сүрөттөрдөгү оңдоо иштери жөнүндө укук коргоочу Елена Воронина «Фэйсбук» социалдык түйүнү аркылуу билдирген — анда ал сүрөттөрдү бурап тешип жаткандыктарын жазган.

«Алар скульптуралык сүрөттөрдү жок кылып жатышат, болгондо да өтө ийгиликтүү жана өтө тездик менен!» — деп жазган ал 24-октябрь күнү эртең менен. Бул өз кезегинде журналисттердин көңүлүн буруп, дээрлик 30 комментарий чогулта алган.

«Эгер буга азыр кам көрбөсөк анда эртең ал сүрөттөр жок болот», — деген ал.

«Бекер» оңдоп жатышат

Kloop.kgнин кабарчысы менен маектешкен куруучу оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан фирманын атын айтуудан баш тартты, бирок Воронинанын айткандарына ишенсек, ал фирма 1976-жылы курулган Бакыт өргөөсүнүн имаратынын биринчи кабатын ижарага алган.

Куруучу скульптуралык сүрөттөрдү оңдоо иштери алар тараптан бекер жүргүзүлүп жатканын айтты.

militia-at-kloop

«Биз муну чын дилибиз менен оңдойлу дегенбиз. Мындай көйгөй болоорун билгенде баштабайт дагы болчубуз. Биз жөн гана маңдайы талаптагыдай, жакшы көрүнүшүн каалаганбыз», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Бишкектин башкы архитектору баш болгон шаар бийлиги бул сүрөттөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Маданият министрлигинин өкүлү ал скульптуралык сүрөттөр маданий эстелик болуп саналбай тургандыгын, мындан улам анын мекемеге эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Зыянга учураган мозаика

Скульптуралык сүрөттөрдүн автору сүрөтчү-монументалист Алексей Каменский.

Акыркы жылдары Бишкектин активисттери менен укук коргоочулар борбордогу маданий эстеликтердин жок кылынышына активдүү реакция жасап башташты.

2013-жылы өзгөчө Бишкектин совет маалындагы монументалдык искусствосун изилдөө менен алектенген «Арт-демилгелер» коомдук биримдигинин атагы чыккан.

«Арт-демилгелер» үстүбүздөгү жылдын жазында шаар борборундагы турак-үйдүн капталындагы советтик «Космос жана илимий-техникалык өнүгүү» аталышындагы мозаиканы мурунку калыбына келтирүү боюнча кампания башташкан – ал «Запой» деген караоке-клубунун ээлери тарабынан сырдалган болчу.

Жыйынтыгында «Арт-демилгелер» биримдигинин аракети менен Башкы прокуратура клуб ээлерин мозаиканы калыбына келтирүүгө милдеттендирген, бирок күрөң түстөгү сырдын өчүрүлгөнү менен мозаика мурунку калыбына келген эмес:

militia-at-kloop

Мозаиканын мурунку көрүнүшү:

militia-at-kloop

Авторлор: Улан Мырза жана Нуржамал Жаныбекова