Ноябрдын башында Бишкек милициясында алкотестерлер менен айып төлөөчү терминалдар пайда болот

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери ноябрдын башында айдоочулардын мас же соо экенин аныктоо тесттерин көчөдөн эле жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган аппараттарга ээ болушат. Андан сырткары айыптарды жеринде төлөтүү үчүн милиционерлерге терминалдар берилет.

Жол кайгуул кызматынын башчысы (ЖКК) Талантбек Исаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда алар 60 алкотестер (айдоочунун мастыгын аныктоочу аппарат) жана айыптарды жеринде төлөтүүгө мүмкүндүк бере турган 250 терминал алгандыктарын билдирди.

Ал аппараттар айдоочулардын ыңгайлуулугу үчүн алынгандыгын айтты.

«Айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн, алардын МАИге [Жол кайгуул кызматынын мурунку аталышы] чуркап, айдоочулук күбөлүктөрүн издеп убара болбошу үчүн айыптарды терминал аркылуу төлөө системасын киргизип атабыз», — деди Исаев.

Маалымат жыйынында журналисттер алкотестерде текшерилип жатышат:

http://www.youtube.com/watch?v=E6EH6t7_hoc

Адамдын мас же соо экенин аныктоочу алкотестерлер менен терминалдар бюджеттик эмес каражатка сатылып алынган. «Виза» жана «Алай Кард» системалуу карталарды кабыл ала турган терминалдар менен 50 алкотестерди «Демир Банкы» алып берген. Дагы 10 алкотестерди Түркиянын жол кайгуул кызматы белекке берген.

«Адамдын мастыгынын деңгээлин аныктоочу аппараттардын жоктугуна байланыштуу кыйла жагымсыз учурлар болот. Мындан улам мен алкотестерди грант катары берүү сунушу менен Исаев мырзага кайрылгам», — деди аталган банктын башкы менеджери Шевки Лютфулла Сарылар.

Банк тарабынан сатылып алынган 50 даана алкотестердин баасы 25 миң АКШ долларын (1 млн. 200 миң сомдун айланасындагы каражат) түзгөн.

Ошондой эле алкотестер үчүн айдоочулар үйлөшү керек болгон 100 миң даана бир гана жолу пайдаланылуучу түтүктөр сатылып алынган.

Алынган аппараттардын бардыгы тең орус тилине которулган.

Кандай иштейт

Айдоочу түтүккө үйлөгөндөн кийин алкотестер маалыматтарды иштеп чыга баштайт. Бир нече мүнөттөн кийин экранга айдоочунун канындагы алкоголдун өлчөмү тууралуу маалымат пайда болот.

Иштелип чыккандан кийин алкотестердеги маалымат bluetooth аркылуу башка шайманга жөнөтүлөт, ал дароо эле маалыматтарды басып чыгарат.

Андан соң ага тескөөчү менен айдоочунун аты-жөнү колго жазылат.

«Ал кагаз административдик протоколго тиркелет да дароо эле сот органдарына жөнөтүлөт», — деди Жол кайгуул кызматынын башчысы.

Маалыматтар өчүрүлбөйт

«Демир банк» бул аппараттардагы маалыматтарды өчүрүүгө мүмкүн эмес экенин билдирип ынандырууга аракет кылды.

Жол кайгуул кызматынын башчысынын айтымында, айдоочу аппараттын көрсөткөн маалыматына ишенбесе ал экспертиза үчүн дарыгерлерге кайрыла алат.

«Эгер айдоочу маалыматтардан күмөн санаса же жеринде текшерилүүдөн баш тартса анда мурункудай эле республикалык накология диспансерине барып текшерилиши керек болот», — деди ал.

Жол кайгуул кызматынын өкүлү Елена Аильчиеванын пикиринде, аппарат тарабынан кандагы алкоголдун өлчөмүнүн так аныкталышы айдоочунун организмине жана анын канча ичкендигине көз каранды болот.

«Бул биринчиден адамдын организминин физиологиялык өзгөчөлүгүнө, экинчиден, анын канча алкоголь ичкендигине көз каранды. Кайсы гана наркологиялык, медициналык мекеме болбосун медициналык көрсөткүч боюнча алкоголь адамдын канында бир суткадан бир жарым суткага чейин кармалаарын айтат», — деди ал.

Нускамасына ылайык, сатылып алынган алкотестердин жыңылыштыгы 0,008 пайызды түзөт.

Автор: Александра Ли