Шаар ичиндеги май куюучу жайлар жашоочуларды кооптондурат

Ош шаарында 50гө жакын май куюучу жай бар. Шаар тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн жанына май куюучу жайлардын жайгашуусуна каршы. Буга уруксат берген органдар коопсуздук чаралары көрүлгөнүн белгилейт. Адистер болсо, кара майдын сапаты талапка дал келбестигин айтат.

Ош шаарынын жашоочусу Кенжегүл Бегали кызы май куюучу жайлардын шаар ичинде жайгашканына каршы. Алардан чыккан жыт адамдардын ден-соолугуна зыяндуу экендигин айтат.

Кенжегүл Бегали кызы
Кенжегүл Бегали кызы

«Менин үйүм май куюучу жайлардын жанында болгондуктан, балконумду ача албайм. Ачсам эле күйүүчү майдын жыты үйгө кирет. Мындай ишканаларды адам жашабай турган жерге курушу керек да»,-дейт Кенжегүл айым.

Май куюучу жайлардан чыккан жыт адамдарга эле эмес, экологияга  да зыяндуулугун тийгизерин шаар тургуну  Дүйшөн  Асанов белгиледи.

Дүйшөн  Асанов
Дүйшөн Асанов

«Мындай ишканалар азыр Ошто аябай көбөйүп кетти. Бул экологиянын бузулушуна алып келет. Алардан чыккан жыт адамдардын ден-соолугуна гана эмес, өмүрүнө да коркунуч туудурушу мүмкүн. Кокус жарылуу болуп кетсе, канчалаган адамдар жабыр тартат. Шаардын ичинде курулушу туура эмес. Өрт чыгат, жарылат»,-дейт Дүйшөн Асанов.

Ал эми май куюучу «Алмаз» кичи ишканасынын оператору Азамат Омаркулов биздеги мындай ишканалар чет өлкөлөрдөгүдөй шаардын четинде жайгашса, адамдарга зыяны тийбестигин айтат.

«Мен бул ишканада иштегениме 1 жыл болду. Кагаз иштерине аралашпагандыктан көп нерсе билбейм. Менин оюм боюнча, мамлекет уруксат бергендиги үчүн көпчүлүк май куюучу жайлар шаардын ичинде жайгашкан. Чындыгында, алардан чыккан жыт адамдардын ден-соолугуна зыян. Негизи, көп конуштуу жерлерде мындай ишканалар курулбашы керек»,-дейт  Азамат Умаркулов.

Ошол эле чөлкөмдөгү «PETROLEUM» ишканасынын кичи оператору Азат Шүкүров  да кесиптешинин оюн тастыктады.

Азат Шүкүров
Азат Шүкүров

«Бул ишканада иштегениме жарым жыл болуп калды. Көпчүлүк мамлекеттерде  май куюучу ишканалар шаар четинде жайгашкан. Бизде дагы ошондой болсо, адамдарга зыяны тийбейт эле»,-дейт Азат.

Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы керектөөчүлөрдү жана жарандарды коргоо кызматынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев күйүүчү майдын сапаты начар экендигин айтат.

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

«Биз күйүүчү майдын сапатын жана өлчөмүн карайбыз. Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын сапаты жок, өлчөмү дагы 10-20 литр делген менен, анчалык чыкпайт. Бизге 92, 93 деген күйүүчү майлар алып келинет. Алар талапка жооп бербейт. Буга бийликтин туруксуздугу, утурумдук жетекчилердин келгендиги, жоопкерчилик сурай турган адамдын жоктугу болуп жатат»,-дейт Төлөгөн Келдибаев.

Ош шаарынын ичинде жайгашкан май куюучу жайларга коопсуздук чаралары көрүлгөндүгүн  Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетов белгилейт.

Нурбек Баетов
Нурбек Баетов

«Биз май куюучу жайларга уруксат берүүдө бардык жагын карап туруп беребиз. Шаардын ичинде жайгашкан май куючу жайлардын кубаттуулугу аз. Алар адамдарга зыянын тийгизбейт. Атайы газдарды чыгарбай филтрлеп туруучу үстүндө клапандары болот. Алар жок болсо зыяны тийиши мүмкүн. Ал эми өрттүн алдын алуу үчүн күйүүчү май жерде көөмүлүп, бетондолуп турат»-дейт Нурбек Баетов.

Ош шаарында 50гө жакын май куюучу жай бар.

Кыргызстанга күйүүчү майлар Россиядан алып келинет. Бүгүнкү күндө күйүүчү майды  эң көп ташыган ишкана  «Газпром» аталат.

Автор: Адашгүл Акматова

Сүрөттөр: автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева