Тажикстандын чек арачылары Баткен облусундагы мунай бургулоо жайына «кирип келишти»

24-октябрь күнү Тажикстандын чек арачылары Баткен облусундагы «Катта-Туз» мунай бургулоо жайынын аймагына «мыйзамсыз кирип келишти» — бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек арачылар кыргыз тарапка 24-октябрь күнү кирип келишкен. Алар өзүлөрү Тажикстанга тиешелүү деп эсептешкен  «Катта-Туз» мунай бургулоо жайынын кайрадан иштетилишин талап кылып жатышат.

Кыргызстандын бийлиги бургулоочу жай кыргыз-тажик чек арачындагы талаш аймакта орун алгандыктан анын ишин калыбына келтирүүдөн баш тартты.

«Мунай бургулоо жайы шарттуу түрдө чек ара сызыгы өткөн жерден Кыргызстанды ичин көздөй 500 метрлик аралыкта жайгашкан. Ал жер макулдашылбаган аймак болгондуктан, сүйлөшүүлөр боюнча ал жерде бир дагы тараптын иш жүргүзүүгө укугу жок», — деди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде.

«Катта-Туз» — 40 жылдан бери Тажикстанга тиешелүү болуп келген мунай бургулоо жайы, бирок үстүбүздөгү жылдын жайында Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөн болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы «Достук» чек ара тосотунда абал «оор болуп, чыңалган» бойдон калып жатканын билдирип жатат.

«Лейлек чек ара отрядынын чек ара тосоттору күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү», — деп жазылган чек арачылардын билдирүүсүндө.

Кыргызстандын бийлиги мунай бургулоо жайынын аймагындагы абалдын курчушуна жол бербөө боюнча Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Чек арада чагымчылдыкка жол бербөө үчүн Мамлекеттик чек ара юридикалык жактан бүткөн түргө келтирилгенге чейин бургулоо жайынын ишин калыбына келтирүү боюнча кандайдыр бир аракеттердин бардыгын тең токтото туруу сунушу менен кат жолдонду», — деп билдирүүдө Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Азырынча Тажикстан өз чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына кирип келиши боюнча расмий позициясын билдире элек.

Материалда Баткен облусунун иллюстрацияланган сүрөтү пайдаланылды

Автор: Нуриза Самарбекова