Эмгек министрлиги төрт майрамдык күндү алып салып, алардын эсебинен жаңы жылдык эс алуу күндөрүн көбөйтүүнү сунуштады.
Эмгек министрлиги жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат, ага ылайык, төмөнкү төрт майрамдык күн иш күндөрү болуп калат:
- 23-февраль — Ата-Мекенди коргоочулардын күнү
- 1-май — Эмгек майрамы
- 5-май — Конституция күнү
- 7-ноябрь — Октябрь революциясы жеңген күн.
Эмгек жана жаштар министрлиги эс алуу күндөрүн кыскартып, алардын эсебинен жаңы жылдык расмий каникулду узартууну сунуштап жатат.
Эмгек министрлигинин Эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын башкы адиси Кенже Кадыркулова Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстанда эс алуу күндөрү өтө эле көп экенин билдирди.
Министрлик өкүлүнүн пикиринде, совет армиясынын түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгына туура келген Ата-Мекенди коргоочулардын күнү Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери көп убакыт таптакыр майрамдалбагандыгын эске алганда мурунку маанисин жоготуп койгон.
«Аны 2003-жылы гана киргизишкен, ошондуктан биз ал күндү майрамдык эс алуу күндөрүнүн катарынан алып салууну сунуштап жатабыз. Бирок адамдар аны баары бир мурункудай эле майрамдай беришет», — деп түшүндүрдү Кадыркулова.
Эмгек министрлигинин адисинин айтымында, 2010-жылы жаңы Конституциянын кабыл алынгандыгына байланыштуу Конституция күнү өз актуалдуулугун жоготуп койгон.
«Бизде жаңы Конституция, ошондуктан Конституция күнү деп 27-июнду [учурдагы Конституция кабыл алынган күн] жарыяласа болчудай. Эски Конституция күчүн жоготкон, буга байланыштуу биз 5-майды майрам катары жоюп салууну сунуштап жатабыз», — деди Кадыркулова Kloop.kgге берген маегинде.
Ошондой эле Эмгек министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстан Орусиянын курамында болуп турган кезде, 1917-жылы бийликке коммунисттер келген Октябрь революциясы күнүн майрамдоону маанисиз деп эсептешет.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда иш күнү эмес деп саналган 12 майрам күнү бар. Эгер эмгек министрлигинин сунушу колдоо таба турган болсо анда өлкө майрамдарынын үчтөн биринен кол жууйт.
Автор: Мария Гребнева