Депутат Осмоновдун жактоочусу кылмыш ишинин козголгондугун четке кагууда

Osmonov-K-300113

Башкы прокуратура билдирип жаткандай парламентарий Курманбек Осмоновго каршы кылмыш иши козголгон эмес — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде депутаттын жактоочусу билдирди.

Жактоочу Кайрат Загибаев «Кумтөр» алтын кени долбоору алкагында өлкөгө зыян келтирүү боюнча депутат Курманбек Осмоновго каршы кылмыш иши козголбогондугун билдирди.

«Кылмыш иши козголгон, бирок бизге карата эмес. Бизге [депутат Осмоновго] эч кандай айып тагышкан жок», — деди Загибаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Осмоновду көрсөтмө берүү үчүн чакыргандыктарын, бирок депутат ден соолугуна байланыштуу азырынча бара албай тургандыгын айтты.

«Курманбек Эргешевич дарыланып жатат, ден соолугунун абалы туруктуу, бирок дарыланууга муктаж, 10-15 күн ооруканада болот болуш керек. Ал “гипертония кризи” менен ооруп атат», — деп билдирди жактоочу.

Загибаев парламентарийдин иши боюнча тергөө процесси азырынча токтотулганын кошумчалады.

Башкы прокуратура 28-октябрда «Кумтөр» алтын кенинин долбоору алкагында 2003-жылы өлкөгө материалдык зыян келтирүү боюнча депутат Курманбек Осмоновго каршы кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Ал жылы Осмонов Юстиция министрлигин башкарып, ошол эле маалда вице-премьер министр болуп турган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык,  депутатка каршы кылмыш иши «кылмышка катышуу» жана «коррупция» беренелери боюнча козголгон.

Осмонов «Кумтөр» долбоору боюнча «пайдасыз» келишим түзүүлөрдү иликтөө иштеринин алкагында кылмыш иши козголгон алгачкы чиновник эмес — бул боюнча 25-октябрда мурунку экология министри Темирбек Акматалиев менен каржы министри Болот Абилдаевдер кармалышкан.

Парламент 23-октябрда 1992-жылдан 2009-жылга чейин «Кумтөр» алтын кенинин долбоору боюнча «зыяндуу» келишимдердин түзүлүшүнө жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу тууралуу токтом чыгарган.

Автор: Шахида Дүйшеева