Нуркамал менен Жакшылык Бишкектин «Келечек» жаңы конушундагы №87 мектепте бир класста окушат, бирок алардын ар биринин күнү ар түрдүүчө башталат. Диана Рахманова алардын баштарына бирден видеокамера орнотуп, күнүмдүк жашоолорундагы айырмачылыктарды видеого тарткан.
Өспүрүмдөрдүн экөөсү тең экинчи сменада окушат. Нуркамал бир аз иштеп алууга үлгүрүү үчүн таңкы саат 5те турат — ал өз районуна нан таратат. Алгач ал милиционер болом деп кыялданып келген, бирок укук коргоо органдарындагы коррупция жөнүндө көптөгөн окуяларды уккандан кийин кыялы өзгөргөн — эми анын ашпозчу болгусу келет.
Жакшылык болсо бир аз камсыздандырылганыраак үй-бүлөөдө жашайт. Ал эртең мененки убактысынын көбүн үйүндө өткөрөт, Нуркамалдан айырмаланып мектепке маршруттук такси менен барат. Өлкөнүн президенти болсом деген кыялы бар.
Классташтардын мындай түрдүүчө жашоолору алардын дос болуп, өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирге кыялданууларына тоскоолдук кылбайт.
Автор: Диана Рахманова