Жаз-Кечүү: Электр жарыгы жок жашоо

Жалал-Абад облусундагы Жаз-Кечүү айылында электр жарыгы таптакыр болгон эмес. Бирок жергиликтүү жашоочулар мындай оор жашоого карабастан оптимисттик көз караштарын жоготпой, үйлөрүндө кино көрүүгө да мүмкүнчүлүк таап келишет.

Унаа жолу Кызыл-Үңкүр айылына чейин гана барат. Андан ары атка минип, тоолор менен жаңгак токойун аралап үч сааттай убакыт жол жүрүүгө туура келет. Ошондо гана өлкөдөгү эң изоляцияланган жерлердин бири болгон Жаз-Кечүү калктуу конушуна жетесиз.

Анда адамдар болжол менен XX кылымдын башынан бери жашашат, бирок бул жылдардын аралыгында ал айылдагылардын жашоо мүнөзү жана тартиптери дээрлик өзгөргөн эмес.

Негизги себептердин бири — Жаз-Кечүүнүн бүгүнкү күнгө чейин электрлештирилбегендиги.

Өлкөдө революциялар, реформалар же шайлоолор болуп жатканда айылдын жашоочулары үчүн электр кубатынын булактарын издөө жана кыштоо маселелери дайыма эң башкы көйгөй болуп эсептелип келген.

Дүйнө менен байланыштын жоктугу

50дөн ашкан Мейманалы Кадыров Жаз-Кечүүдө туулган жана жашоосун ошол эле өз айлында улантууда.

«Азыр бизде бензин менен иштеген генераторлор бар, бирок алар да убактылуу — өтө көп күйүүчү май талап кылынат», — деп даттанды Кадыров.

Обочо жайгашып байланыш болбогондуктан жана инфраструктуранын жоктугунан айылдыктарга жаңылыктар өтө кеч жетет.

Жаз-Кечүүдөгү үй

Бирок ошентсе да цивилизация Жаз-Кечүүдө байкалат. Айылга жетүү оңой болбогону менен анда илимий-техникалык өнүгүүнүн кайсы бир элементтери бар.

Алсак, акыркы он жылдан бери айылда генераторлордун саны кыйла эле көбөйгөн — мындан улам анын жардамы менен мобилдик телефондорду заряддап алуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон.

Айылдын кээ бир жашоочулары өз аянттарына күн батареяларын да орнотуп алышкан.

«Телевизор, DVD көрөбүз», — дейт Кадыров.

Ошентсе да бул айылды таптакыр эле унутта калган деп айтууга болбойт — айыл башчысы Замирбек Мисиркуловдун айтымында, электр энергиясынын жоктугу көйгөйү өлкөнүн премьер-министринин деңгээлинде да талкууланган.

Бирок баары эле барып акчага такалат — Энергетика министрлиги Жаз-Кечүүнү электрлештирүүгө 32 миллион сом керектелээрин билдирген.

Мындай көп каражаттын талап кылынышы айылдын жакынкы калктуу конуштан 20 чакырым алыстыкта жайгашкандыгында, а электр зымдарын жердин асты менен гана тартууга мүмкүн — аны менен катар бул иштердин бардыгын тең унаа жолу жок тоолу жерде аткарууга туура келет.

Ошондой эле Жаз-Кечүүгө бараткан жолдо белгилүү жаңгак токойлору бар. Жер астынан электр энергиясын өткөрүүгө алар да тоскоолдук кылып калышат.

Айылдагы сейрек унаа

Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлөев бул көйгөй жакында чечилет деген үмүттө.

«Эгер мүмкүн болсо айылды электрлештирүү өкмөттүн 2014-жылкы программасына кирет», — деди ал.

Бирок чынында айылдыктар мындай билдирүүлөрдү буга чейин болжол менен он чакты жолу угушкан.

Шамчырактарды толтуруу

Күтүлгөндөй эле Жаз-Кечүү масштабдуу эмиграцияны башынан өткөрүп жатат. Калктын саны ар дайым 500дөн 1000 адамга чейин азайып-көбөйүп турат, анткени кышында көбү электр жарыгы бар калктуу конуштарга кетип калышат.

Ошондой эле бул жерде жаштарга түзүлгөн шарттар дагы өтө оор — жергиликтүү мектеп авариялык абалда, ал эми кышында болсо жыгачтан курулган имаратты жылытууну коркунучтуу эмес деп айтууга болбойт.

Мектеп.

Токой чарбасынын башчысы Рахманали Кадыров — жайы-кышы Жаз-Кечүүдө гана жашагандардын бири. Аны кармап турганы жеке жер тилкеси. Күн сайын анын күн тартибинде шамчырактарды толтуруу сыяктуу түйшүктөр, камылгалардын бар болгондугуна карабастан ал өзү жашап жаткан жерди таштап кетүү жөнүндө таптакыр ойлонбойт:

«Бул жерде электр жарыгы жок биздин ата-бабаларыбыз деле жашашкан, биз дагы жашап атабыз. Жашоо ушундай».

Авторлор: Акмарал Биймурзаева, Бекболот Рахатбек уулу жана Элмурат Асан
Сүрөттүн автору: Акылай Масиркулова
Редактор: Бектур Искендер