Ысык-Көл облусунун Саруу айылындагы демонстранттар УКМКнын үч кызматкерин кыска убакытка барымтага алып алышкан. Райондук прокуратура учурда түрдүү даражадагы жарааттары менен ооруканага жаткырылган ыкчам топтун кызматкерлерин күчтөп кармап туруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) үч кызматкери 28-октябрь күнү Жети-Өгүз районунун акими менен Саруу айылынын жашоочуларынын жолугушуусу маалында барымтага алынышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митинг маалында кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу маселеси талкууланды. Ал митингдин маалында саруулуктар облустук администрация имаратын басып алууга аракет кылышкан болчу.
«Жолугушуу болуп жатканда агрессивдүү маанайдагы жаштар белгисиз үч адамды клубдун ичине алып кирип сабап башташкан. Чөнтөктөрүн аңтарганда алардан УКМКнын кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрү чыккан», — деди Ысык-Көл облустук ИИБисинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде.
Ыкчам топтун өкүлдөрүн дээрлик үч саат бою Саруу айылындагы Маданият үйүндө кармап турушкан — алар милиционерлер менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин гана бошотулушкан.
Ыкчам топтун өкүлдөрү ооруканада
Учурда атайын кызматтын өкүлдөрү аймактык ооруканада.
«Бирөөсү башынан жараат алган, анын башына бөтөлкө менен урушкан, тытылган жарааттары дагы бар, алардын баары тигилди», — деди Усубакунов.
Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, демонстранттар УКМК кызматкерлеринин 12 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алып алышкан.
Көзөмөлдөөчү орган алардын аракеттерин Кылмыш кодексинин үч беренеси — «мыйзамсыз эркинен ажыратуу», «бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» жана «талоончулук» боюнча карап жатат.
«Мунун бардыгы тергөө иштеринин жүрүшүндө жана сот тарабынан чечилет деген макулдашууга келдик. Аларга барымтага алуу менен кармалгандарды бошотууну талап кылуу мүмкүн эмес экенин, баары мыйзамдын чегинде болушу керектигин айтып түшүндүрүштү», — деди Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз катчысы.
Саруудагы митингдер
Үстүбүздөгү жылы «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингдерде Саруунун жашоочулары активдүү катышышты.
Саруулуктардын Караколдо 7-октябрда өткөргөн митингинде обладминистрациянын имаратын басып алуу аракеттери болуп, митинг катышуучуларын милиция кубалап тараткан. Анда митингчилердин 23ү кармалган болчу, учурда алардын 11и дагы деле УКМКнын тергөө абагында камакта.
Жалпысынан саруулуктар кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып октябрь айынын ичинде үч митинг өткөрүштү.
Автор: Александра Ли
Сүрөттө: Саруу айылынын жашоочулары менен 8-октябрда болгон сүйлөшүүлөр