Базар башаламандыгы 2-3 жылда иретке келет

 

Ош шаарынын борборунда автожолдорго чейин жайылган көчө соодасы башаламандык жаратып, азык-оокат менен кошо тирилик буюмдары катар сатылып жатышы жарандарды кооптондурат. Ош мэриясы болсо 2-3 жыл аралыгында базар башка аймакка көчүрүлүп, иретке келтирилерин белгилейт.

Ош тургундары базарлар эки-үч жылдан кийин толук тартипке келет деген үмүттө. Ош технологиялык университетинин студенти Айгүл Өмүрбек кызы Оштогу жайма базардан ала турган буюмду табуу кыйындыгын айтат.

Айгүл Өмүрбек кызы
Айгүл Өмүрбек кызы

«Мен базарга келип бир буюм сатып алмакчы болсом, баштан-аяк айланып издөөгө туура келет. Ар түрдү буюмдардын жана тамак-аштын өзүнчө катарлары болушу керек. Мисалы, кийим-кече,  канцтовар, мөмө-жемиш сатуу үчүн атайын ирети менен жайгашкан контейнерлер турса жакшы болмок. Базарлык кылууга келген адамдар убактысын текке тетирбестен, кыйналбастан алчу товарын алып кетет эле»,- дейт Айгүл.

Эгер базар башка тарапка жыла турган болсо, сатуучу жайлар иреттелет деген оюн билдирет сатуучу Нурпери Омонова.

«Азыр баары башаламан. Көйнөк алганы бир жерге барсан, анын жанынды жашылчалар, жер-жемиштер. Ошону менен кошо ич кийимдерди сатып олтурушат. Айна, самын саткан контейнерге жанаша азык-оокат сатуучу жайларды көрөсүң. Нанды автожолдун боюнда сатышат, бул санитардык жактан туура эмес. Атайын  нан сатыш үчүн кичи базар куруп койсо туура болот. Элдин баары ошол жерге келип нан алып кетишмек»,- деди Нурпери.

Ал эми сатуучу Нургүл Бейшеева атайын кичи нан базарын түзүүнүн кажети жоктугун белгилейт. Айтымында, аларга товарлардын түрүнө карап саткыла деген талап коюлган эмес.

Базар ичиндеги баткак жолдор
Базар ичиндеги баткак жолдор

«Товарлардын санитардык абалын текшерип келгендер бизге эч кандай тамак-аш саткан жайга айна-самын сатууга болбойт деген тыюу салган эмес.  Ижарага алган ордубузда  чөнтөгүбүзгө карап каалаган товар алып сатып тиричилик кылып олтурабыз. Бардык нерсе бир эле жерде сатылса  туура. Эл базарлыгын бир жайдан алып кетсе жакшы»,- дейт 15 жылдын бери соода-сатык менен алектенген Нургүл айым.

Базарда товар сатып олтуруу үчүн жакшы шарттар жоктугун белгилейт Назира Айтмаматова.

Назира Айтмаматова
Назира Айтмаматова

«Бишкектеги Дордой базарынын үстү жабылган, ортодогу адамдар өткөн жол тегиз. Биздеги Келечек базары сыяктуу. Бирок бул жерде андай эмес, эртең эле жаан жаап, кар түшөт. Ортодогу жол тайгак болот, базарчылап жүргөндөр эле кыйналат. Ал эми биз аба ырайынын сууктугуна карабай товарыбызды сатып жатабыз»,-деди диск сатып олтурган Н.Айтмаматова.

Базар 2-3кө бөлүнүп  чачырап кеткендигине токтолду Ош шаарынын тургуну  Урмат Асилова.

«Айылдан сүт азыктарын алып келип саткандар орун жоктугуна байланыштуу базардын четтине чыгып соода кылышат. Бир чети бул жерде соода жакшы өтөт. Көпөрө курулуп баштай электен мурун деле ушундуй эле  абалда  болчу. Сүт азыктары санитардык жактан таза жайларда сатылышы керек. Ал эми бул жер мындай талапка жооп бербейт»,-дейт анда-санда  базарга  курут алып келип саткан Урмат  айым.

Cүт азыктары сатылчу жай
Cүт азыктары сатылчу жай

Оштогу жаштар уюмунун башчысы Медер Абдыманапов курулуп башталган асма көпүрө бүтсө, баары иретке келерин айтат.

Медер Абдыманапов
Медер Абдыманапов

«Ошто ар түрдү курулуштар болуп, өнүгүп-өсүп жатат. Мисалы, асма көпүрө, базарлар оңолуп, адамдардын аң-сезими андан ары жогорулап, маданиятуу түрдө соода-сатык кылышып, шаарыбыз тартипке келет»,- деди Медер мырза.

Оштун борборунан орун алган жайма базар Жапалак айылынын аймагына көчүрүлөрүн  белгиледи Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен иштөө комитетинин катчысы Бегимай Бекболотова.

«2014-жылдын баштап базарды көчүрүү иштери башталат. Базарга ылайыкталган 45 сотых жер бөлүнгөн. 2-3  жылдан соң шаар толук иретке келип калат», -деди пресс кызматтын адиси Бегимай Бекболотова.

Жайма базар буга чейин мурдагы Текстиль ишканасынын имаратына көчүрүлөт деген пландар да болгон. Ош шаарындагы базарларда миңдеген соодагерлер эмгектенет. Бейрасмий маалыматтар боюнча Ош шаарынын калкы жарым миллионго чукулдайт.

Автор: Жумагүл Нурмаматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева