Бишкек: Мурунку Бакыт өргөөсүндөгү скульптуралык сүрөттөр калыбына келтирилди

Мурунку Бакыт өргөөсүнүн биринчи кабатындагы балдар медициналык борборунун ээси тарыхый скульптуралык сүрөттөрдү оңдоп, калыбына келтирди.

Мурунку Бакыт өргөөсүнүн маңдайкы бөлүгүн косметикалык оңдоодон өткөрүшкөн куруучулар Kloop.kgге берген маектеринде андагы скульптуралык сүрөттөрдү жамачылап, кайрадан сырдап калыбына келтиргендиктерин билдиришти.

«Биз бузулган жерлерин шыбадык. Жарылган жерлерин гипстеп, ак жана саргылтым кылып сырдадык. Адамдарга жагат, кооз нерсени караганда көзгө да жагымдуу көрүнөт», — деп эсептейт куруучулар.

Алардын айтымдарында, скульптуралык сүрөттөрдү оңдоого жалпысынан 10 киши катышып, жумуш 5 күндүн ичинде аяктаган.

Куруучулар билдирип жаткандай, оңдоо иштери ал турак үйдүн биринчи кабатында курулуп жаткан медициналык борбордун ээсинин акчасына жасалган.

Скульптуралык сүрөттөрдүн оңдолуп жаткандыгы тууралуу 24-октябрда укук коргоочу Елена Воронинанын билдирүүсүнөн кийин белгилүү болгон.

Анда Воронина өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына тарыхый скульптуралык сүрөттөрдү тешип жаткандыктарын жазган.

«Алар скульптуралык сүрөттөрдү жок кылып жатышат, болгондо да өтө ийгиликтүү жана өтө тездик менен!» — деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Анда Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгы баш болгон шаар бийлиги бул сүрөттөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Маданият министрлигинин өкүлү ал сүрөттөр маданий эстелик болуп саналбай тургандыгын, мындан улам анын мекемеге эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Скульптуралык сүрөттөрдүн автору сүрөтчү-монументалист Алексей Каменский.

Мурунку көрүнүшү:

IMG_9735_1

Жакшыртылгандан кийинки көрүнүшү:

IMG_9878

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Улан Мырза