Кабат бөлүнгөн жер тилкелери боюнча талаш көп

Ошто райондон шаарга трансформацияланган жер тилкелерин турак-жай куруу үчүн бөлүштүрүүдө алешемдиктер кетирилген. Кабат бөлүнгөн жер тилкелеринин ээлери мамкаттоо жана архитектура башкармалыктарынын эшигин каккылап, териштирүү айласын көрүүдө. Бул мекемелер жоопкерчиликти биринен бирине артууда. Серепчилер жер талашын сот аркылуу чечүү айласын сунуштайт.

Ош шаарынын тургуну Таланбек Моңолбаев Эдельвейс массивиндеги өзүнүн жер тилкесине жакында эле үй тургузуп бүткөндө, бул тилкеге мамлекеттик актысы бар жаран келип, талаш жаралган.

Документтер боюнча салыштырганда, бул тилкеге 2005-жылы Кара-Суу районунан кызыл китеп берилген, бирок, жер бош турган. Ал эми 2008-жылы Ош шаардык мэриясы токтом чыгарып, шаар архитектурасы тарабынан турак үйдүн долбоору иштелип, Т.Моңолбаевге курулуш курууга уруксат берилген, Өкмөттүн токтомунун негизинде.

 Таланбек Моңолбаев
Таланбек Моңолбаев

Адистердин айтымында, Эдельвейс массивин Кара-Суу районунун аймагынан Ош шаарынын аймагына өткөрүү жөнүндөгү Өкмөттүн токтому 2006-жылы чыккан. Ошол токтомдун негизинде Ош шаардык архитектура, шаар мэриясы, мамкаттоо биригип башплан иштеп чыгышкан.

Анткен менен, массивдеги мурда бөлүштүрүлгөн тилкелер, алардын укук-мыйзамдуулугу  так аныкталбастан туруп, шаардык архитектура тарабынан кабат бөлүштүрүлө берген.

Талашка түшкөн аймактан жер тилкелерин Кара-Суу 8 сотыхтан, ал эми Ош шаары үстүнөн эле турак-жай куруу үчүн 5 сотыхтан бөлүштүрүп берип койгон.

«Бир эле жерге архитектура өзүнчө, госрегистр өзүнчө, Кара-Суу району өзүнчө тийиштүү документтерди берип, элдин башын айлантып, бири-бири менен соттоштуруп, элди кыйнап жатышат. Биз мэриянын токтомуна ылайык, архитектуранын чийип берген проектиси боюнча үйүбүздү куруп алганбыз. Архитектура 3 жыл ичинде курбасаң, чекти алып коебуз деп белгилеген. Мамкаттоо болсо, «генплан бекигенден кийин кызыл китеп беребиз» деген. Кызыл китеп алганы келгенде, башка адамдын да ушул тилкеге кызыл китеби бар экени аныкталды»,- дейт Талантбек Моңолбаев.

Айтымында, тийиштүү органдар тарабынан Өкмөттүн токтомун аткарууда алешемдиктер кетирилген.

«Госрегистр «качан бизге маселе болуп кайрылмайынча, тактай албайбыз» деп жатат. Андай болушу мүмкүн эмес. Өкмөттүн токтомунун бир пункту менен бекитүү керек, «райондон шаарга  паланча гектар жер өтүп жатат, ошонун юридикалык жактарын карагыла, анан элге бөлүп бергиле» деген. Аткаруу бийликтери Өкмөттүн токтомун аткаруу үчүн иш кылган эмес. Башаламандыктын баары ошонун кесепетинен»,- дейт Таланбек Моңолбаев.

Мындай жер талашына кептелгендердин катары узун. Кабат бөлүнгөн жер тилкелеринин ээлери мамкаттоо жана архитектура башкармалыктарынын эшигин каккылап, териштирүү айласын көрүүдө. Эдельвейс  массивиндеги талаш жер тилкелери боюнча 130дай жаран шаардык архитектурага кат  менен кайрылган.

Жер талашына кептелгендер архитектура жана мамкаттоого арыз менен кайрылууда
Жер талашына кептелгендер архитектура жана мамкаттоого арыз менен кайрылууда

Бул органдар азырынча жоопкерчиликти бири-бирине шилтеп коюу менен кутулууда.

«Мунун маңызы – шаардык архитектура ушул башпланды бекитип, тийиштүү инстанциялар менен макулдашып, баарынын колун койдуруп, анын ичинде госрегистрдин да катышуусу болот эле. Ошону 5-6 нускада алып келип, ар бирин бизге кол койдуруп туруп, ушул жерге таштап, анан картографтар билиши керек эле. Бизге айтпай, анан отвод кылып берип жатпайбы. Сөздүн маңызы ушул жерде болуп жатат»,- дейт Ош шаарындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармасынын адиси Сүйүн Муратов.

Анын айтымында, бул маселеге архитектура жооп бериши керек:

«Бул архитектуранын күнөөсү. Архитектура сиздин жериңизге билип туруп жасаган. Сиз архитектураны кармап, (ред. кабат берилген жер тилкесин) сатып бересиңби, соттон утуп бересиңби, ошону алып бер дейсиңер»,- деп кол куушурат Сүйүн Муратов.

Ош шаардык архитектура башкармалыгы жер тилкелеринин кабат берилип калышын четке какпайт. Жеке менчик үй куруу бөлүмүнүн башчысы Мырза Шакиров маселе маалыматтын так эместигинен болгондугун белгилейт.

«Кайсы жер бош эместигин билбей, биз мурда бөлүштүрүп бере бергенбиз. Азыркы мезгилде андай боло элек. Апсамат (ред.:мурдагы жер бөлүштүргөн архитектор) сверка кылган эмес. 2006-жылы (ред.:токтом) чыккан. Буга чейин мындай маалымат берилген эмес. Биз да билген эмеспиз. Муну Кара-Суудан өткөзгөндө дүңүнөн эле регистрация кылганын кылган, кылбаганын кылган эмес. Кээ бирөөлөр ал жерден 5 чекке кызыл китеп кылып алган. Бизге эми маалыматты берди, ошол боюнча иштейбиз. Эми накладка болбойт»,- дейт Мырза Шакиров.

Мырза Шакиров
Мырза Шакиров

Жакында гана архитектура менен мамкаттоо талаштуу тилкелерди салыштыруу (сверка) жүгүзүп, тактаганын кошумчалады:

«3 ай болду, госрегистр мурда Кара-Суу районунан госакт берилген жерлерди белгилеп беришти. Бош тилкелерди да тактап алдык. Генплан бүттү, 1 ай болду мамкаттоого бергенибизге»,- деди М.Шакиров

Анткен менен, башплан менен геомедия изилдөөсү дал келбей жатканын, ошонун негизинде кабат (накладка) чыгып жатканын айтат мамкаттоо башкармалыгынын башчысы.

«Мындай накладкалар көп болууда. Кара-Суу району берип коюп жатат. Смешениялар бири-бири менен накладка болуп калып жатат. Кара-Суунун жана биздин историяны көтөрүп, салыштыруу керек. Өкмөттүн токтомунда 3670 гектар жер тилкеси (Ред. Кара-Суу районунан Ош шаарына) өткөрүлүп берилсин деп жалпы айтылган. Анын ичинде бизге өткөрүп берип жатат, кээ бир жерде талаштуу болуп жатат. 3670тин 99 объект өтө элек»,- дейт Ош шаардык мамкаттоо башкармасынын башчысы Ажибай Калмаматов.

Жаны конуш
Ош шаарындагы жаны конуштардын бири

Талаш маселеге кептелген жер ээлери буга жооптуу болгон органдар жооп берүүсүн талап кылышууда.

«Турак-жай бөлүштүрүүгө токтом чыгарган мэрия, жер тилкесин бөлүп берген архитектура жооп бериши керек. Менин үй курган чегиме кызыл китеби бар киши  бул тилкени сатып алсын деп жатпайбы. Сатып алса архитектура же мэрия сатып алып берсин»,- дейт Талантбек Моңолбаев.

Эдельвейс  массивинде 2,5 миңдей жаранга турак-жай куруу үчүн жер тилкеси бар. Адистер белгилегендей, учурда дагы 1200дөй бош тилкелер турат. Мурда «Эдельвейс» массиви дача категориясында болсо, азыр жеке турак-жай куруу үчүн деп категориясы өзгөргөн. Бул массивге фельдшердик-акушердик пункт, мектеп, бала бакчасын куруу планга киргизилген. Суу чыгаруу каралып жатат.

 

Жер тилкелери боюнча талаштарды укуктук жактан чечүү жолдорун kloop.kg_ге Оштогу «ЛАРК АЛЬЯНС» юридикалык агентствосунун юрист-директору Акылбек Досалиев айтып берди.

Акылбек Досалиев
Акылбек Досалиев

kloop.kg: Ошко чектеш райондун жерлерин шаарга өткөрүү боюнча Өкмөттүн токтомунда алешемдиктер бар деп айтышат адистер. Токтомдо жер тилкесинин аянты гана көрсөтүлүп, ошончо аянт шаар карамагына өтсүн делген. Ал эми мурдагы жана кийинки жер ээлеринин милдет-укуктары так жазылган эмес дешет.

Акылбек Досалиев: Мыйзам боюнча, жергиликтүү Мамкаттоо жана Архитектура башкармалыктарында Ошко чектеш райондордун аймагынан шаарга өткөрүлө турган жерлер боюнча генплан ж.б. жерге тийиштүү документтер түзүлөт. Ошондо гана Өкмөт жергиликтүү мамлекеттик органдар жөнөткөн документтерди карап, анан токтомун кабыл алат. Демек, шаарга өткөрүлгөн жерлер боюнча мамкаттоо жана архитектура башкармалыктарында Өкмөткө даярдалган жер аянттардын чектери боюнча документтер бар болууга тийиш.
Экинчиден, мурдагы жана кийинки жер ээлеринин милдет-укуктары Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Жер кодекстерине ж.б. мыйзам актыларына ылайык белгиленет.

kloop.kg: Бул мыйзамдык жана ченемдик актыларда так кандай көрсөтүлгөн?

Акылбек Досалиев: 2009-жылдын 20-июлундагы N241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесинин 5-п. ылайык, «Ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт» деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, аталган Өкмөттүн  токтому кабыл алынганга чейинки келип чыккан мамилелерге Өкмөттүн аталган токтомунун негизинде белгиленген мамилелер жайылтылбайт дегенди билдирет.

Ошондой эле, Жер кодексинин 49-50-беренелеринде көрсөтүлгөн жер ээсинин укуктары жана милдеттерине ылайык жөнгө салынат. Т.а. мурдагы жер ээлеринин жерине болгон менчик укуктары, жер аянттарын шаарга өткөрүүгө тийиштүү Өкмөттүн токтомунун негизинде токтотулууга жана алып коюуга жатпайт.

kloop.kg: Кабат (накладка) берилген жер тилкелеринин ээлеринин талашы кандайча чечилет?

Акылбек Досалиев:  Өкмөттүн аталган токтому кабыл алынганга чейинки менчик укугун алган жер тилкелеринин ээлери жерге толук укуктуу жана бул жер ээлери кийинки укук берген токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө Райондор аралык  сотко бериши керек. Ал эми жерге мамлекеттик актысы жок, бирок, турак-жай курууга токтом чыгып, курулуш долбоору иштелип берилген тараптар ошол уруксат берген органдарды  сотко берүү менен маселени чечсе болот.

 

Кабат бөлүштүрүлгөн жер тилкелеринин талашы боюнча жергиликтүү тургундардын пикирлери түрдүүчө.

Апиза Акматова, Ош облусунун тургуну:

- Жер тилкесин алуу үчүн документтерди топтоп тапшырганбыз. 2-3 жыл дегенде Ош мэриясынын токтом чыгып, жер тийсе, анын да мурдагы ээси бар чыкты. Кайра башка жактан жер тилкесин бергиле деп кайрылганбыз.

Токтомурат Жумабаев, Алай районунун тургуну:

- Биз Ошко көчүп келгенибизге көп болду. Турак-жай куруу үчүн жер алууга аракет кылып көрдүк. Бирок, үстүнө акча бербесең, жер алуу кыйын экен. Госрегистр кызыл китеп жасап берип коюп, архитектура өзүнчө курулушка уруксат берип коюп, чалкешип кеткендер болуп жатат. Акча берсең жер алып берем дегендер андан көп. Жерди кайра-кайра алып, кайра соодалап жаткандар толтура. Этектей жерге жетпегендер канча?

Анара Арстанбекова, Ош шаарынын тургуну:

- Биз да үй куруу үчүн жер тилкесин сатып алгандан кийин, талаштуу маселеге кабылдык. Мурда Папан айыл өкмөтүнө караган, үлүш жер болгон тилкелер кийин Кара-Суу  районуна өткөн экен. Папан айыл өкмөтүнө башка аймактан жер берилип, тургундардын макулдугу алынган дешет. Бирок, учурда 16 адам жерди кайра Папанга кайтарып алуу айласын көрүүдө. Талаш болгондуктан, турак-үйүбүздү кура албай жатабыз. Мындай талаштуу жагдайлар абдан эле көп.

Самат Пратов, Ош шаарынын тургуну:

- Жер боюнча адистердин шалаакылыгынан болууда. Жакшы иштебей жатышат, акчага алданып жатышат, андай көп эле кездешип жатпайбы. Менин оюмча, адистер жакшы иштеш керек, коррупцияны жок кылыш керек.

Автор: Гүлзат Газиева

Макала «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында даярдалды