Караокени кумар кылгандар

Бүгүнкү күндө жаштар караокеде ырдап эс алганды жактырышат. Ырдаганды кумар кылгандар да бар. Бирок, караоке акысы бардык адамдарды эле канааттандыра бербейт.

Ош шаарынын жашоочу Зарипа Алибай кызы караокеге тез-тез барып турат. Буулуккан учурларда ырдап, көңүлүн көтөрүп аларын айтат.

Зарипа Алибай кызы
Зарипа Алибай кызы

«Негизи мага ырдаган абдан жагат. Жумуштан кийин ырдап эс алганга аракет кылам. Көбүнчө кыжаалат болгондо барып, ырдап жеңилдеп алам»,- дейт Зарипа.

Ош гуманитардык педагогикалык институтунун студенти Казыбек Осмонов да караокеде ырдаганды жактырат. Парктагы бардык караокеде иштегендер менен тааныш болгондуктан, бекер ырдаарын айтты.

Казыбек Осмонов
Казыбек Осмонов

«Мен жайында бир ай караокеде иштеп кеткендиктен, бардык караоке иштеткендер  менен таанышмын. Кайсыл караоке болбосун ырдап жүрө берем. Ырдагандан рахат алам. Мага реп ырлар жагат, бирок андай ырлар жок. Үнүм ичке болгондуктан, кыздар ырдаган ырларды  жакшы ырдайм»,-деди Казыбек мырза.

Ал эми кээ бир ыр сүйүүчүлөрүнө караоке акысы туура келбейт. Алар баасы төмөн болсо жакшы болорун айтышат.

«Караокенин баасы кымбат, көбүрөөк ырдай албайсын. Бир аз арзандатып койсо, мага окшогон адамдар көбүрөөк ырдайт эле. Мен ар күнү эле ырдай бербейм, майрамдарда гана ырдап көңүл ачам»,-дейт Гүлзар Акмадалиева.

Гүлзар Акмадалиева
Гүлзар Акмадалиева

Ал эми караоке иштеткен Мадина Асан кызы ырларды Бишкектен жаздырып келгендиктен, баасы бир аз жогору, бирок ага карабастан ырдагандардын саны арбын экендигин айтып өттү.

«Бул жерде иштегениме жарым жыл болуп калды. Бардык иштин эле түйшүгү болот да, биз бул жерге ижара акысын төлөйбүз.Ырларды Ошто жазбагандыктан,  борбордон буюртма менен алдырып келебиз. Ошого баасы бир аз жогору болуп калган. Бирок адамдардын чөнтөгүнө оор келбейт деп ойлойм. Андан сырткары, кардарлар кайсы ырды  айтса, таап бергенге аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө жаштар деле эски ырларга басым жасай башташты. «Биз» тобу абдан популярдуу, жаш-карысы дебей  ырдашат »,-дейт Мадина.

Афтандил Сүйүнбек уулу
Афтандил Сүйүнбек уулу

Караокеде ырдаган кумар сыяктуу, кайра-кайра ырдагың келерин айтат  Афтандил Сүйүнбек уулу.

«Бул жерди агам иштетет. Мен жардам бергени келгенче ырдап кетем. Караокеде кайра эле ырдагым келе берет. Ишенсеңер күндө келген кардарлар болот. Алар күндө ырдаганга көнүп калышкан. Кээде бекер деле ырдатып коем  дайымкы кардарларды. Күнүнө жок дегенде 25-30 ыр ырдалып турат»,-дейт Афтандил.

Навио сейил багындагы караоке сүйүүчүлөр
Навио сейил багындагы караоке сүйүүчүлөр

Оштогу Навои  сейил багында 5 караоке бар. Ырдын баасы 30 сомдон. Бүгүнкү күндө тамактануучу кафе-барларда да  эс алуу үчүн караокелер ачылган. Ош шаары боюнча 15ке чукул караоке жайлар бар.

Автор: Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева