Коомдук транспорт Көк-Жар менен Бишкекти жаңы жол аркылуу байланыштырат

Борбордун түштүгүндөгү кичи райондор менен шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы айылдарды байланыштыра турган көпүрө ачылгандан кийин бир нече кичи автобустардын каттамдары Көк-Жар айылына чейин узартылат.

Бүгүнкү күнгө карата №215чи кичи автобустун каттамы узартылган. Эми бул каттамдагы кичи автобустар түштүктү көздөй Көк-Жар айылына чейин жүрүшөт, буга чейин алардын эң акыркы аялдамасы 12-кичи райондо болгон.

Бишкек мэриясынын берген маалыматтары боюнча, жакынкы күндөрү ушундай эле жол менен №110, №180 сыяктуу дагы бир нече кичи автобустун каттамдары узартылат.

«Бул жерде көп нерсе Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кичи автобусардын токтоп турушу үчүн канча жерди жана качан бөлүп бере тургандыгына байланыштуу болот», — деди Шаардык транспорт башкармалыгынын бөлүм башчысы Мырзабек Балбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Көк-Жар айылы менен шаардын 12-кичи районун географиялык жактан коңшулар деп койсо болот, бирок жакын жайгашкандыктарына карабастан алардын ортосунда транспорттук байланыш болгон эмес — экөөнүн ортосунан Аламүдүн дарыясы өтүп, ботаникалык бакча жана карьерлер бар болчу.

2013-жылы Бишкек бийлиги түштүк кичи райондордогу маанилүү транспорттук артерия болуп эсептелген Токомбаев көчөсүн оңдоо боюнча масштабдуу иш баштаган.

Токомбаев көчөсү курулгандан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөндүгүнөн сырткары ал эртели-кеч унаага жык толгон Шабдан баатыр көчөсүнө чейин узартылган.

Буга 2009-жылы жаңы Масалиев көчөсүнүн(Түштүк магистраль)курулушун кошкондо Бишкектин борборун курчаган траспорттук шакекчени пайда кылган акыркы беш жыл аралыгында аткарылган жол оңдоо иштеринин жыйынтыгы болду.

Токомбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн көпүрө аркылуу бириктирилиши жогоруда айтылган шакекчедеги эң чоң боштукту жоюп, аны бириктирди. Мында өзгөчө Көк-Жар айылынын жашоочуларына бир топ ыңгайлуулуктар түзүлдү

«Эң башкысы — эми шаарга жакын болот. Негизинен, Көк-Жардын жашоочулары жумушка шаарга барышат, эми маршруттук каттамдар да көбүрөөк болот», — деп кубанычын билдирди Көк-Жардын жашоочусу Мурат.

Автор: Рейхана Турдиева