Мыкты жана начар транспортчулар аныкталды

Ош шаарында 55 маршруттук каттам бар. 1 миңге жакын маршруттук автоунаа жана 60тай автобус элге кызмат кылат. Транспорт агенттиги жакында мыкты жана талапка жооп бербеген транспортчуларды аныктады.

Ошто 1 минге жакын маршруттук автобус, 60 автобус шаардыктарды тейлейт
Ошто 1 минге жакын маршруттук автобус, 60 автобус шаардыктарды тейлейт

«Жылдын мыкты айдоочусу» - көп жылдан бери эмгектенген ардагер айдоочу Акназар  Чолпонбаев, 127-каттам «Мыкты каттам», ал эми «Мыкты кичи автобус» номинациясын 125- каттамдын айдоочусу Дилмурат Аллаберди уулу алды. Бир катар айдоочуларга грамоталар берилди.

«Жашымдан техникага кызыкчумун. Иштеп жатканыма 5-6 жыл болду. Дем алган күндөрү машинамды тазалап жууп турам»,-деди Дилмурат Аллаберди уулу.

Дилмурат Аллаберди уулу
Дилмурат Аллаберди уулу

Мыктылар мэрия, МАИ жана транспорт агентиги тарабынан аныкталды. Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Шайлообек Атазов транспортто тейлөөнү жакшыртуу максатында тандоо уюштурулганын айтты.

«Бул конкурсту өткөрүү транспортчулар үчүн үлгү болсун дедик. Башка каттамдар да бул нерсеге жетүү үчүн аракет кылсын үчүн өткөрдүк»,-деди Шайлообек мырза.

Жүргүнчүлөрдөн түшкөн арыздардын негизинде орундуктары таза эмес,  тейлөөсү начар 6 кичи автобус каттамдан четтетилгендигин кошумчалады Ш. Атазов.

Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

Транспортчулардын салтанатында Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардын вице-мэри  катышып, куттук айтты.

Ош шаарында жалпы 55 маршруттук каттам бар. Анда 1 миңге жакын маршруттук автоунаа, 60тай автобус элге кызмат кылат. Бейрасмий маалыматтар боюнча шаар калкы жарым миллионго чукулдайт.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөт автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева