Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы Бишкекте 500дөн ашык кафени жабышы мүмкүн

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү «Енисей» жана «Мадина» кафелериндеги массалык уулануудан кийин Бишкектеги 500дөн ашык кафеге карата токтом чыгарышты.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы коомдук тамактануу жайларын текшерип бүтүп, санитардык нормаларга жооп бербеген 500 кафеге карата токтом чыгарды.

Эми алардын жабылбашы үчүн администрациялары 30 күндүн аралыгында кафелерин тартипке келтирүүлөрү керек.

«Эгер кафелердин ал токтомдорду аткарбай жаткандыктары аныктала турган болсо биз материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө милдеттүү болобуз»,— деди Бишкектин санитардык эпидемиологиялык кызматынын Гигиена жана азыктандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Мухаммадхалил Мурашев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал санитардык нормаларга жооп бербегендиги үчүн 65 тамактануу жайы жабылганын кошумчалады.

«Эч кандай шарттары жок жана канализациясы жасалбагандыктан 516 объектинин 65и биротоло жабылды»,— деди ал.

Бишкектеги тамактануу жайларын текшерүү «Мадина» жана «Енисей» кафелеринде ондогон адамдар уулангандан кийин башталган.

«Пландан тышкаркы текшерүүлөргө сентябрдын башында борбордо катталган эки массалык уулануу учуру себеп болду. Анда «Енисей» кафесинде 130дан ашык киши, жана «Мадина» кафесинде дагы 10 киши жабырланышкан», — деди Гигиена жана азыктандыруу бөлүмүнүн жетекчиси.

Мыйзамга ылайык, Бишкектин Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору коомдук тамактануу жайларын жылына бир жолу текшерет.

Негизинен Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы текшерүү башталганга чейин коомдук тамактануу жайларына он күн мурун кабар беришет, бирок бул жолкусунда пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Автор: Эльдос Казыбеков