Бишкекте велосипедчилердин саны болуп көрбөгөндөй өсүп жатат — акыркы жылдары алардын саны бир нече эсеге көбөйдү. Бирок азырынча шаар эки дөңгөлөктүү транспорт ээлерине анча ылайыктуу эмес.
Борбордун канча жашоочусу велосипед менен жүрөөрү жана алардын саны канчалык өсүп жаткандыгы жөнүндө расмий статистикалык маалымат жок.
Бирок кыйыр белгилер боюнча, — мисалы, түрдүү веложүрүштөрдүн катышуучуларынын санынын өсүшү боюнча — акыркы жылдары шаарда велосипедчилердин саны 3-4 эсеге өскөнүн болжолдоого болот.
Kloop.kgнин журналисттери Бишкектин жашоосунда велосипеддердин маанилүү боло баштагандыгын эске алып, шаардын жашоочуларынан — мектеп окуучуларынан велосипедчилердин коомунун лидерлерине чейин — аларга, велосипедчи катары баарынан да Бишкекте эмнелер тоскоолук жаратаарын билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүштү.
Алынган жоопторду анализдеп чыгып биз эң олуттуу делген беш көйгөйдү алып чыктык.
1. Велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган жолдор жок
Бишкектин инфраструктурасы велосипед менен жүрүүгө ылайыкташкан эмес. 70-жылдары Фрунзеде Тынчтык проспектисинде сызылган велосипед менен жүрүүгө арналган бир жол бар болчу. Бүгүн ал жок.
Дастан Касмамытовдун шаар ичинде велосипед тээп баштаганына үч жылдан ашты. Ал тротуарлар менен же жалпы колдонуудагы жолдор менен жүрүүнү «коркунучтуу» деп эсептейт.
«Транспорттун бул түрү менен колдонууну каалаган досторумдун көбү окууга, жумушка велосипед менен баруудан баш тартып жатышат», — дейт Касмамытов.
Ал алгач велосипед тээ баштаганда тротуарлардан көп эле жолу жөө адамдарды сүзүп кеткенин мойнуна алат.
«Ошондуктан мен чоң жолдор менен жүрүү чечимине келгем, бирок анда да көйгөйлөр бар. Велосипеддер менен жүрүүгө арналган атайын жолдор жок, жолдордо унаалардын башаламан кыймылы, мындайда велосипед тебүү коркунучтуу. Көпчүлүгү унааларын да жол жээктерине токтотуп коюшат, алардын айланып өтүүдө да кыйынчылыктарды жаратат», — деп даттанды Касмамытов.
Кыргызстандын велосипедчилер коому борбордун кеңешинин депутаттары менен бирге Бишкекте велосипеддер менен жүрүүгө арналган атайын жолдор менен тилкелерди жасоо сунушун киргизишкен.
Активисттер Бишкекке андагы негизги кооз жерлерди, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүн жана кичи райондорду байланыштыра турган велосипед жолдору менен тилкелеринин үч маршруттук каттамын иштеп чыгышкан.
Кыргызстандын велосипедчилер коомунун негиздөөчүсү Кубат Сыдыков бул демилге мэрияда колдоо тапканын жана анын жакынкы убактарда ишке ашуусу «толук мүмкүн» экенин айтып жатат.
«Мен демөөрчүлүк колдоо сурап ири корпорация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атам. Анын жетекчиси бул демилгеге туура көз карашта, бирок азырынча акча бөлүү маселеси чечиле элек», — деди Сыдыков.
2. Велосипед коюуучу жайлар аз
Мектеп окуучусу Илим велосипедин Бишкекте эки жолу уурдаткан.
«Велосипедди кайсы бир дүкөндүн алдына коюп, кирип-чыксам эле жок», — дейт ал.
Бүгүнкү күндө велосипеддерди бекитип кое турган атайын турникеттер саналуу гана имараттардын алдында бар, алсак, бир нече «Народный» дүкөндөрүнүн, «Сьерра» жана «Эспрессо» кафе ичүүчү жайларынын жана «Синематика» тармагындагы кинотеатрлардын алдында орнотулган.
«Тилекке каршы андай турникеттердин баары эле жакшы конструкцияда эмес, — дейт Кыргызстандын велсипедчилер коомунун негиздөөчүсү Кубат Сыдыков. — Мисалы, “Народный” дүкөндөрүндөгүлөр велосипедди жөлөп коюууга гана жарактуу, а кулпулап бир эле дөңгөлөгүн бекитип коюууга болот».
«Коопсузураак “калтырып кетүү” үчүн велосипеддин арткы дөңгөлөгү менен рамасын дароо чогуу бекитүү керек», — деп кошумчалады ал.
3. Унаа айдоочулары жактырышпайт
Бишкектин жашоочусу Диана борбордун айдоочулары көпчүлүк учурларда велосипедчилерди жол кыймылынын бирдей укуктуу катышуучусу катары көрбөй тургандыгын айтып даттанууда.
«Унаа айдоочуларынын бизди өткөрүп жибергилери келишпейт, көпчүлүк учурларда бизди байкашпайт дагы, алдыбыздан кесип өтүп кетишет. Менде унаанын арткы бөлүгүнө барып сүзүлгөн күндөр болгон, жакын баратканда алар капталдагы күзгүлөрү менен тийип өтүшөт», — дейт ал.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, чынында велосипедчилерга карата жол эрежеси бузулган учурларда алар милицияга өтө сейрек кайрылышат.
Ал велосипедчилер кайрылган учурларда милиция аларга дайыма жардам берип келгенин айтып, көңүл жайгарууга аракет кылды.
«Бизге велосипедчилер кайрылган учурлар болгон жана албетте биз унаа ээлерине карата чараларды көргөнбүз, — дейт ал. — Бирок велосипед ээлери өтө эле сейрек кайрылышат».
4. Кубалашат
Кээ бирде Бишкектин велосипедчилерин сүйүктүү, байыр алган жерлеринен да кубалаган учурлар да болот.
Филармониянын алдындагы аянт велосипедчилердин, өзгөчө түрдүү трюктарды аткарууга ылайыкташтырылган BMX велосипедин тепкендердин арасында өтө популярдуу.
Бирок быйыл велосипедчилер менен филармониянын жетекчилигинин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, жыйынтыгында ал аянтта велосипед тебүүгө тыюу салынып, велосипедчилерди кууп жиберишкен.
Велосипедчи Евгенийдин айтымында, анда милиция кызматкерлери да катышышкан.
«Биз филармониянын жанында жүргөнбүз. Көп болчубуз, 30га жакын. Анан бизге милиционерлер келип бул жакта жүрүүгө болбой тургандыгын айтып, кетип калуубузду өтүнүштү. Биз кеттик, бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра келдик, бирок кайрадан эле аянттан кетүү керектиги жөнүндө эскертүү алдык», — дейт ал.
Филармониянын директорунун орун басары Нурдин Казыбаев велосипедчилердин кубалангандыгын алардын имарат алдындагы мрамор плиталарын бузуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.
«Алардын тебүүсүнө тыюу сала турган мыйзам жок, бирок биз тыюу салууга аргасызбыз, анткени алар [велосипеддер] мрамор плиталарын бузуп, анын бетине издерин түшүрүп жатышат», — деди Казыбаев.
Бирок юрист Мээрим Абылкасымова филармониянын ал жакта велосипед тебүүгө тыюу салууга укугу жок болчу деп эсептейт.
«Ал жакта чектөөлөр жок, эч кандай белгилер да жок», — деп түшүндүрдү ал.
5. Жолдордун начар абалы
Велосипедчи Диана түз, текши төшөлгөн асфальт менен жүргөндү жактыраарын айтат. Бирок тилекке каршы борбордун кээ бир көчөлөрүндө андай төшөлмө жөнүндө кыялданууга гана туура келет деп нааразычылыгын билдирүүдө.
«Негизинен биздин жолдордо чуңкурлар көп, аларды дайыма эле айланып өтө албайсың», — деди ал.
Тегиз эмес жана чуңкурлары көп жолдор менен жүрүү велосипедке да, аны башкарып бара жаткан адамдын абалына да терс таасирин тийгизет.
«Велосипеддин иштөө мөөнөтү азаят, дайыма дөңгөлөктөрдү жамачылоого туура келет. Бирок эң негизгиси — бул жыгылуу жана анын кесепетинен жараат алуу. Ошондой эле дайыма ооруну сездирип турган системалуу түрдөгү урунуулар да болот», — деди ал.
Шаар бийлиги бул көйгөйдү жаңы асфальттарды төшөө менен чечүүгө аракет кылып жатат, жолдорду оңдоо жагынан алганда Бишкек 2013-жылы өз тарыхындагы эң жемиштүү доорду башынан өткөрүп жатат десек болот.
Авторлор: Анна Тищенко, Белек Мамакеев, Мухаммед Султанов