Эмнеге дунган улутундагы айдоочулар Нарын облусу аркылуу өтүүдөн коркуп жатышат?

Оор жүк ташуучу унаалардын  дунган улутундагы айдоочулары Нарын облусундагы массалык мушташтан кийин үч жумадан бери Кытайга бара албай жатышат. Алардын айтымдарында, ал мушташ улуттар аралык мүнөзгө ээ болгон.

Этникалык дунган айдоочулар үч аптадан бери жумушсуз калууда – айтымдарында, ага уюшкан кылмыштуулук тараптан жасалган «кысымдар» себеп болууда.

Алар 8-октябрь күнү кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 80 чамасындагы дунган улутундагы айдоочу токмоктолгон массалык мушташтан кийин Нарын облусу аркылуу Кытайга өтүүдөн коркуп жатышат.

Буга чейин Kloop.kg порталы ал мушташтын улуттар аралык мүнөзгө ээ болгон болушу мүмкүндүгү жөнүндө 24-октябрда билдирген болчу.

Анда окуя тууралуу парламент депутаты жана Кыргызстандагы дунгандар коомчулугунун башчысы  Бахадыр Сулайманов айтып берген, бирок ал андагы мушташка күбө болбогондуктан башка күбөлөрдүн айткандарына таянып билдирген.

Мушташтын келип чыгуу себептери катары түрдүү жоромолдор айтылууда. Версиялардын бирине ылайык, ал дунган улутундагы айдоочулардын бир бөлүгү көзөмөл-өткөрмө пунктунан кезексиз өтүүгө аракет кылгандыгынан улам келип чыккан.

Башка версия боюнча, Нарын облусунун кээ бир жашоочулары доомат катары дунган айдоочулары кытай тилин биле тургандыгын айтышкан, мындан улам алар Кытайдын аймагында артыкчылыктарга ээ болуп, ал тилди билбегендерди жумушсуз калтырып жаткандыктарын билдиришкен.

Айдоочулардын өзүлөрү  алгач ал окуя боюнча маектешүүдөн баш тартышкан, бирок андагы массалык мушташтан дээрлик бир ай өткөндөн кийин жабырланган айдоочулардын бири окуянын кандай болгондугу боюнча Kloop.kgнин кабарчысына өз версиясын айтып берүүгө макул болду.

«Мушташ алдын ала уюштурулган»

Айдоочу Жумазынын [коопсуздук максатында ысымы өзгөртүлдү] айткандарына ылайык, 8-октябрь күнү болжол менен 80 дунган улутундагы айдоочулардан турган топко чек аранын Кыргызстан тарабынан 200дөн ашык киши кол салган.

Айдоочунун айтымында, кол салгандар атайын даярданышкан: муну менен Жумазы мушташ кезекте турганда кокустан чыккан деген версияны четке кагууда.

«Ал жакка жаш жигиттерди эки оор жүк ташуучу унаа менен алып келишти. Болжол менен 200дөй киши болсо керек. Келгенде ал унаалардан балдар секирип түшүп, катары менен барын тепкилеп башташты. Кастеттер менен урушту. Дунгандардын бөйрөктөрүн жанчып, кабыргаларын сындырышты. Бирөөсүнүн баш сөөгү жарака кетти», — деди Жумазы Kloop.kgге берген маегинде.

Окуя Кыргызстандын аймагында болгон — жүк ташуучу унаалардын бири дагы чек арага чейин жетүүгө үлгүрүшкөн эмес.

Жумазынын айтымында, милиция менен бажы кызматкерлери мушташ маалында аны токтотуу үчүн «эч нерсе кыла алышкан эмес».

«Бажы кызматкерлери эч кандай чара көрүшкөн жок, алар да коркушса керек. Жергиликтүү милиция болсо мушташтан кийин жабырлангандарды чогултууга гана жарап, өзүн жаман сезип жаткандар үчүн тез жардам кызматын чакырып турушту. Алар [милиционерлер] экөө же үчөө эле болчу. Эч нерсе кыла алышкан жок», — деди Жумазы.

Жумазы мушташтан кийин кол салгандар дунгандардын куулганын белгилеп, майрамдап баштагандыктарын кошумчалады.

«Анан алар мушташ бүткөндөн кийин кой союп, ал окуяны белгилеп, майрамдап башташты», — деп эскерет айдоочу.

Өз кезегинде ур-токмокко алынган айдоочулар «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун дароо таштап кете алышкан эмес, анын себептери да түшүнүксүз.

Дунгандардын унааларынын жүрүшүнө тыюу салуу

Жумазынын айткандарына ылайык, кийинки күнү эртең менен кол салууну уюштургандар дунган улутундагы айдоочуларды «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанындагы жыйынга чогултушуп, өз талаптарын билдиришкен соң кайрадан сабашкан.

Алардын негизги талабы дунгандардын оор жүк ташуучу унааларга ээлик кылуусуна тыюу салуу болгон.

«Алар унаалардын бардыгынын кыргыздарга катталышын каалап жатышат. Мейли рулда кыргыз, орус же түрк болсун дунгандын унаасы менен өтүүгө болбойт», — дейт Жумазы.

Анын бул айткандары социалдык түйүндөр менен Кыргызстандын бир нече ЖМКларында айтылган мушташ дунган ишкерлеринин таасири күчтүү болгон транспорт бизнесин кайрадан бөлүштүрүүгө байланыштуу болгон деген божомолдоолор менен дал келүүдө.

Эгерде андай болсо анда айдоочулардын улуту жөн гана шылтоо болгон болушу мүмкүн.

Жумазы чогулуш бүткөндөн кийин буга чейин сабалган дунгандын унаасын буруп коюуу үчүн рулга отурган орус улутундагы айдоочу да сабалгандыгын айтууда.

«Ал эмес анын Кытайга өтпөшү үчүн паспортун да жыртып салышты», — дейт Жумазы.

Ур-токмокко алынган дунган улутундагы айдоочулар Кытай тарапка өтө албай, «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 9-октябрь күнү кечинде гана укук коргоо органдарынын коштоосунда кете алышкан.

21-октябрда дунган айдоочулары кайрадан Нарын облусу аркылуу Кытайга өтүп кетүүгө аракет кылышкан, бирок аларга кайра дагы кол салуу болгон. Ал жолкусунда чабуул Нарын шаарында болуп, белгисиз адамдар үч жүк ташуучу унааны талкалап салышкан.

«Алар атчан келишип, таштар менен капталдагы айнектерин талкалашты. Анан кийинки жолу унааларды өрттөп сала тургандыктарын айтып коркутушту», — деди айдоочу Жумазы.

Бийлик дагы деле үндөбөй эле

Ал ортодо Кыргызстандын бийлиги дагы деле ал окуядагы улуттар аралык мушташтын элементтери болгондугун жана уюшкан кылмыштуулуктун байланышы бардыгын моюндагылары келбей эле.

Ички иштер министрлиги октябрдын аягында ал кагылыш боюнча эч кимди кармабай тургандыгын билдирген.

« Ал жөн эле турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү мушташ болгон», — деген анда ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде.

Буга чейин өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков мушташка дунган айдоочуларына карата чыккан нааразычылыктар себеп болгон болушу мүмкүндүгүн мойнуна алган, бирок криминалдын байланышы бар экендиги тууралуу версия жөнүндө эч нерсе айткан эмес.

«Алар [айдоочулар]дунгандардын кытай тилин билип, чек арадан оңой өтүп жаткандыктарына нааразы. Мен бул жерде алар тил билгендиктен кезексиз өтө тургандыктарын жана аларда дайыма товарлары бар экенин айтып жатам», — деген Муратбеков Kloop.kgге берген 24-октябрдагы маегинде.

Депутат Сулайманов 27-октябрда бийлик өкүлдөрү менен оор жүк ташуучу унаалардын дунган улутундагы айдоочуларын жолугушууга чогултууга аракет кылган, бирок анын айтымында, ал жакка бийлик өкүлдөрүнөн  депутат Асия Сасыкбаева экөө гана баргандыктан ал жолугушуу үзгүлтүккө учураган.

Милиция дагы, Нарын облусунун администрациясы дагы, ал эмес жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына калыс караган депутат Сулаймановдун өзү дагы кол салууну ким уюштургандыгын жана кирешелүү транспорт бизнесинен дунган улутундагы айдоочуларды куугунтуктоо кимге керектигин айтып бере алышпайт.

Ал ортодо Жумазы коомчулуктун ал мушташка өтө эле аз көңүл буруп жаткандыгын айтып таң калууда:

«Негизи кичинекей эле мушташ болсо телевизордон көрсөтүшөт го. А биз жөнүндө көрсөтүшпөй эле. Бул деген жөнөкөй эле мушташ эмес да, анда 80 киши жабырланган».

Автор: Алексей Ким