Атамбаев коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык борбор түзүүнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин бүгүнкү жыйынында коррупция менен күрөшүүнүн жаңы этабына өтүү керектиги жөнүндө билдирди. Анан айтымында, бийлик өлкөдө саясий коррупциянын бар экендигин мойнуна алып, аны менен күрөшүүнү баштоосу керек.

Президент коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык борбор түзүү жөнүндөгү сунушун айтты.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, коррупцияга каршы күрөштө күчтүү таасири бар, координация жасаган орган болмоюнча алдыга койгон максаттарга жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан борбордук бийлик органдарынын жана мамлекеттик башкаруу деңгээлинде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча координациялоо укуктарын Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши менен анын Катчылыгына ыйгарууну сунуштап жатабыз», — деди ал.

Атамбаев мамлекеттик органдардагы кызмат абалын пайдалануу жана уурулук менен күрөшүүнүн үч негизги багытын белгиледи:

  • саясий коррупцияга каршы аракет;
  • системалуу коррупцияны жок кылуу;
  • мамлекет менен жарандардын өз ара мамилесин оңдоо;

Президент ошондой эле эгер мамлекеттик кызмат башчылары коррупция менен кантип күрөшүү керектигин билишпесе кызмат орундарын бошотуп берүүлөрүн сунуштады.

Автор: Атамбаев Нурмухаммед