Баткен облусунун жашоочусунан жарым миллион сом талап кылгандар кармалды

Баткен облусунун Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундан жарым миллион сом талап кылууга шектелген Бегалы Эргешов менен Кубатбек Бердиевдерди кармашты — бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар жабырлануучуну коркутуп, анын Кызыл китебин [турак-жай аянтына болгон документин] тартып алышкан.

«Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери менен тыгыз байланышта болуп, кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү болушкан», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Кармалгандарга карата 31-октябрь күнү 170-берене менен каралган «акча талап кылуу» жана 105-берене менен каралган «адам саламаттыгына атайылап зыян келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайда камакта.

Автор: Алексей Ким