Дартка дабааны мазардан издегендер

Ош облусунун Араван районундагы «Тал-Булак» мазары түрдүү дартка шыпаа болот дегендер бар. Бул жерге күнүнө ар аймактардан ондогон адамдар зыярат кылып келишет. Жергиликтүүлөр булактын пайда болгонуна 300 жылдан  ашканын божомолдошот.

«Тал-Булактан» дарты айыгып, анан бул жерге кам көрүнүү чечкен Ташболот Жалилов булак жайгашкан жерди ижарага алып, аз да  болсо шарт түзгөнгө аракет кылган.

Ташболот Жалилов
Ташболот Жалилов

Атайын жуунуп-чайынчу, тамак бышыруучу жана тамактанчу   жайларды куруп койгон. Капиталдык курулуш курууга мамлекет тарабынан уруксат берилбестигин, бул жайыт жер экенин билдирди.

«Зыярат кылуу үчүн келгендер тамак-ашын көтөрүп келип кыйналчу. Мен жерди ижарага алып, элге бир азда болсо жардам бергим келди. Булакка чын дилиң менен ишенсең, бардык ооруларга дабаа болот. Мени кант диабети оруусу менен ооруканадан чыгарып койгон эле. Ушул булактан суу ичип, жакшы болуп калдым»,- деди Ташболот аксакал.

атайы шарттар түзүлгөн
атайы шарттар түзүлгөн

Ал таш тийип, ишип кеткен бутун ушул булактагы суу менен жууп жүрүп, айыгып баратканын кошумчалады. Айтымында, суунун касиетине ишенгенде гана жардамы тиет.

Ташболот Жалилов
Ташболот Жалилов

Жергиликтүү элдин айтымында, булакка ар тараптан келип дарыланышат. Күнүнө 30дан ашуун адам зыярат кылат.

Денесинин көпчүлүк бөлүгүн ала басып кеткен Дилфуза айым булак тууралуу туугандарынан угуп келген.

«Мен биринчи  укканымда ишенген эмес элем, кантип эле булактан шыпаа тапса болот деп. Анан барып, чын дилимден жуунган элем, акырындап денемдеги ала тактар кетип жок болду»,- деди Дилфуза.

Ал эми Чынара  Сарыкова кулагына дабаа тапканын белгилейт.

Чынара  Сарыкова
Чынара Сарыкова

«Мен ушул жерликмин. Кулагым ооруганда бир жолу барып эле айыгып калды»,-деди Чынара.

«Тал-Булак» мазары качан пайда болгондугу туралуу так маалымат жок.

Айыл аксакалы Сабыр Эргешов ал 15 жашар кезинде эле булак болгонун эскерет. Айтымында, мурда булак жылжып акса, кийин суунун агымы көбөйгөн.

«Булак жөнундө  биздин ата-бабаларыбыз сөз кылчу. Анын пайда болгонуна 300 жылдай, же андан да көп болушу мүмкүн. Бул жердеги суу көп оорууларга пайдалуу: денедеги кычышкандарга, боор ооруларына, кулак жана башка дарттарына дабаа болот»,-дейт Сабыр аксакал.

Сабыр Эргешов
Сабыр Эргешов

Мазарларга ишенбегендер да бар. Ош шаарынын тургуну Токтогул Жумабаев дартты атайын адистер гана жеткиликтүү айыктырарын айтат.

«Бизде мазарлар көп. Алардын баарына эле сыйына берүү туура эмес. Андан көрө дарыгерлерге барып көрүнсө жакшы болот. Себеби, кээ бир орулар өтүшүп кетсе, анда мазарлар жардам бере албай калат»,-дейт Токтогул.

Бир гана жаратканга, Кудайга ишенүү керек деп эсептеген Элиза Таштанова тоо-ташка сыйынууну, даба издөөнү туура эмес деп эсептейт.

«Тоого же мазарларга сыйынуу туура эмес. Анткени, ал жерлерде шайтандардын очогу бар. Биз бир гана жаратканга ишенишибиз керек. Пайгамбар САВ айткандай «Аллахтан башка тоо-таштарга, отко-чокко, суу-шамалга сыйынгандар булар - шайыктар»,-дейт Элиза айым.

Автор: Гүлзар Осмоналикызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева