Караколдогу башаламандыктардын эки катышуучусу тергөө абагынан бошотулду

Биринчи май райондук соту үстүбүздөгү жылдын октябрынын башында болгон Караколдогу башаламандыктардын эки катышуучусунун камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасына өзгөрттү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алардын митингди уюштурууга, барымтага алууга жана укук коргоо органдарынын талаптарына каршылык көрсөтүүгө катыштыгы бардыгын аныктаган эмес.

Атайын кызматтагылар митингчилер  — Бекзат Усупкожоев менен Каныбек Байгожоевдер — митингге акча, азык-түлүк жана алкоголдук ичимдиктер үчүн чыккандыктарын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Тергөө башкармачылыгы тарабынан жогоруда айтылган айыпталуучулардын баш коргоо чарасын белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасына өзгөртүү демилгеленип, сотко жөнөтүлгөн», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган митинг «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында Каракол шаарында өткөн.

Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди кыска убакытка барымтага алышып, эки жолу облустук администрация имаратын басып алууга аракет кылышкан.

Акция башаламандыктар жана митингдин уюштуруучуларынын кармалышы менен аяктаган. Кармалгандар кийинчерээк УКМКнын тергөө абагына камалышкан.

Алар Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталып жатышат».

Автор: Эльдияр Арыкбаев