Компьютердик оюндар кооптонтот

Коомчулук  өкүлдөрү компьютердик оюндар  балдарга  зыянын тийгизүүдө  деп кооптонууда. Адистер агрессиялык оюндар  баланын психикасын бузарын белгилейт.   

Ош шаарынын кичинекей тургуну Абубакир  компьютердик     оюндардын күйөрманы. Ал айрыкча атыш, уруш  оюндарды ойнойт.

«Менин эң  жакшы көргөн  оюндарым  контр, ГТА, ужасы  дагы ушул сыяктуу.Ал оюндарда атыш,уруш-согуш,мушташтар болот.Ал эми ГТАда болсо адамдарды атып олтуруп акчасын алат»,-дейт Абубакир.

2-класстын окуучусу  Асан компютердик оюндарды үйдө да ойнойт.

«Компютердик оюндарды мен аябай жакшы көрөм,өзгөчө  контр,гоңка жана машина,мотоцикл жарыштар.Уйдо да жана кээбирде  интернетке да кирип ойноп турам»,-дейт Асан .

Асан
Асан

Ата-энелер балдарынын мээримсиз  болуп калышынан кооптонот. Ош шаарынын тургуну Айгүл Исаеванын айтуусу  боюнча, компьютердик оюндарды чектеш керек.  Анын баласы көбүнчө  авто жарыш оюндарын жактырып ойнойт. 14 жашар уулун үйдө гана көзөмөлдөй аларын, ал эми сабак учурунда мектепке ишенерин айтат.

«Балдар башка оюндарга караганда компьютердик оюндарды өтө  көп жана кызыгуу  менен ойношот. Бул нерсени чектеш керек деп ойлойм. Себеби, оюндардын жаман-жакшысы  бар. Алар баланын сабак аткаруусуна, өсүп-өнүгүүсүнө, психологиясына терс таасирин тийгизет. Бала жашоону  реалдуу  эмес, оюндагыдай көрүп, мээримдүүлүгүн  жоготушу мүмкүн»,- дейт А.Исанова.

Кубаныч Ысмановдун
Кубаныч Ысмановдун

«Дос» интернет клубунун администратору Кубаныч Ысмановдун айтымында, мектеп окуулары ойногону көп эле келет.

«Бирок, биз  аларды стабилдүү түрдө контролдойбуз, сабак учурубу же сабак эмеспи. Көбүнесе бизге өзүбүздүн аймактагы бизге жакын, биз тааныган балдар келишет. Алардын ата-энелери атайын  келип, дайындап кетишет. Ошону менен бирге  эле  жаш балдар интернетке кирсе алар эмнени көрүп атышыт, эмнени алып атышат, биз байкап, көзөмөлдөп турабыз»,-дейт К.Ысманов.

Балдар адистери  комьпютердик оюндар баланы мыкаачылыкка үйрөтөрүн айтат.

Психолог  Эмил Сагынбаев компьютердик оюнда көргөндөрүн бала жашоодо колдононушу  мүмкүндүгүн белгилейт.

«Жаман  оюн, мультфилим, видеолор баланын психикикасына   терс,  негативдүү таасирин тийгизет. Анткени, бала деген таза ак кагаз,  бардык   көргөн-уккан нерсесин, жаман көрүнүш-кубулуштарды  өзүнө тартып алат да  кийин өзүнүн турмушунда сөзсүз аларды колдонушу мүмкүн. Азыр  оюндарбы, мультфилимдерби, көбүнчө  агрессия бири-бирин  сою-кесүү, же негативдүү позициялар менен болуп атат. Анан дагы. күчтүүсү жеңип коюп, беркиси өлүп калып, же жок болуп кетет. Мындан   балдар, күчтүү болушум керек, кесип-өлтүрүп коюшум керек экен деп, анан ошондой позицияларга барат».-дейт Э.Сагынбаев.

Ош шаардык  билим берүү башкармалыгынын сектор башчысы Кутман Камчиев мектеп окуучулары көзөмөлдөнө тургандыгын айтат.

«Биз  ай сайын рейд жүргүзүп турабыз. Ал эми мектептер  жума сайын рейд жүргүзүшөт.Балдар мектеп учурунда башка жактарда жүрүүсүнүн алдын алуу максатында ар күнү 53 мектептен  бизге  чалып, бүгүн канча окуучу келди, канчасы себептүү  экенин  айтып турушат».-дейт  К.Камчиев.

Ошто  билим берүү башкармалыгына кирген  53 мектеп бар.  Дагы 6 жеке менчик мектеп иштейт. 50 миңден ашуун окуучу билим алат.

Автор: Сайкал  Нийзанова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат  Газиева