Ош көчөсү менен өткөн жол курулбай калабы?

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө жаңы жолдун курулушуна тоскоол болгон 68 түтүн бар. Анын ичинен 30га жакын үй  Он–Адыр кичи районуна көчүрүлмөкчү. Бул тургундар көчүүдөн баш тартып жатат. Башкы планынга киргизилген соң, жол  куруларын белгилейт адистер. Азыр жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Ош көчөсүнөн баштап аэропортко чейин кеткен жолду куруу Ош шаарынын башкы планында болгон. Жолдун курулушуна карата Ош көчөсүндөгү айрым турак-жайларды көчүрүу тууралуу токтом чыкканы менен жашоочулар ага такыр каршы.

Жашоочулар турак-жайларын көчүрүүнү пландан чыгарып салышын талап кылып жатканын айтты көчөнүн аксакалы Зинаидин Туранов.

Зинаидин Туранов.
Зинаидин Туранов.

«Токтомду уккандан кийин  өзүбүзчө чогулуп, маселени талкуулаганбыз. Мыйзамга таянганда да менчик ээсинин уруксатысыз буза алышпайт. Он-Адырдан жер беребиз деп жатат. Ал жерде суу жок, жашаганга шарт жок»,-деди Зинаидин аксакал.

Көчүрүү маселеси тууралуу президентке нааразылык каты менен кайрылышканын белгиледи Ош көчөсүнүн жашоочусу Жамалидин Мирзамурадов. Ал жашоочуларга эч нерсе керек эместигин, тургундарды ордунан жылдырбоосун талап кылууда.

Жамалидин Мирзамурадов
Жамалидин Мирзамурадов

«Мурунку жылы апрель айында буйрук келген: «тезинен үйүңөрдү бошоткула» деп. Биз президентке арыз менен кайрылганбыз. Ал жактан: «жашоочуларга компенсация берилген» деген мааниде жооп келген»,-деди Ж.Мирзамурадов.

Жашоочулар эч кандай компенсация албагандыгын, 30 жыл мурун алгандар кайтарып беришип, квитанция, документтери колунда бар экендигин кошумчалады ал.

«Мыйзам боюнча менчикке берилген кыймылсыз мүлктү биздин уруксатыбыз жок ала алышпайт. Шаардын мэрине кайрылганбыз. Бирок мэрден эмес,  вице-мэрден «баарысын мыйзам чегинде чечебиз» деген жооп келген. Алар деле азыр бузуп кетебиз дешкен жок. «Макулдашалы,төлөп берели» деп жатат. Ага тургундар: «эч нерсе керек эмес, бизди сүрүп салуу пландан чыгарып салынсын» деп атышат»,-дейт Жамалидин мырза.

Эл бул мыйзамга каршы болуп, жерлерин сатпайбыз деп атышканын айтты жашоочулардын жактоочусу (адвокаты) Бахадыр Разаходжаев.

Бахадыр Разаходжаев
Бахадыр Разаходжаев

«Кыргыз Республикасын Конституциясынын 32-беренесинин 6-пунктуна ылайык, менчик тартылып алынбайт, каалаганы сатып бошотуп бериши мүмкүн. Бирок тургундар көнбөй жатышат. Кийинки жылдан жол курулушу башталат деп жатат. Ага чейин сүйлөшүүлөр жүрөт. Базар баасында төлөп беришсе, макул болушса керек»,-деди Б.Разаходжаев.

Жашоочулар прокуратурага кайрылышкан. Прокуратура мэрияга мыйзам чегинде иш жүргүзүүсүн эскертме берген. Анда 28 үй деп белгиленгени менен, тизмеге кирбеген дагы 3-4 үй бузуларын адистер айтып кеткенин кошумчалады жактоочу Б.Разаходжаев.

Ош көчөсүнүн жол түшчү тилкесиндеги турак-жайлардын бузулушу жөнүндөгү мыйзам 1979-жылы чыкканын, жолдун курулушу шаардын башкы планында бар экенин белгиледи Муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Уларбек Жунусов.

«Шаардык кеңештин, мэриянын  токтомуна ылайык иш жүргүзүп жатабыз. Салыныш керек болгон жол салынат. Жашоочуларга түшүндүрүү ишин жүргүзөлү. Биздин эсепчилер келип эсептесин. Жер үлүшүнө карап Он-Адырдан жер тилкесин, үйүнө акча берели деп жатабыз. Мэриянын казынасында акча бар. Азыр 50 пайызын берип турсак, түрттүрүү башталганда калганын бермекпиз»,-дейт Уларбек мырза.

Бул мыйзам башкы планга киргенден кийин аткарылышы керектигин ошону менен бирге элге да кыйын болуп каларын белгиледи «Толеранттуулук» коомдук фондунун кызматкери Зинура Исабекова.

«Биз барып жашоочуларга жолукканда, алар  көчпөй тургандыгын айтышкан. Он-Адырга  көчүргөнү менен, ал жерде шарт жок. Эч ким барбайт. Монуев көчөсү Он-Адырга көчүрүлгөн эле, элдердин там салып көчкөнү көчүп, калганы ушул күнгө чейин батирлеп жүрөт»,- дейт бейөкмөтчү.

Ош көчөсү менен удаа Кара-Суу көчөсү бош турганын, жолду ошол көчө менен алып өтсө болмоктугун тургундар айтып жатканын кошумчалады З. Исабекова.

Ош көчөсүндө  68 түтүн бар. Жалпы  400гө жакын калк жашайт.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөт автордуку

Редактор : Гүлзат Газиева