Ош облусу: Салык кызматынын тескөөчүсү пара менен кармалды

Ош облусунун прокуратурасы «системалуу түрдө» ишкерлерден пара талап кылып келген Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча тескөөчүсүнө каршы кылмыш ишин козгоду.

Тескөөчү кезектеги 5000 сомду алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Ал Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы соода күркөсүнүн ээсин коркутуп, андан пара талап кылган.

Ош облустук прокуратурасы пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул кылмыш үчүн белгилүү бир кызматты же белгилүү бир ишмердүүлүк менен үч жыл алектенбөө жана мал-мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Учурда иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова