Ошто жүрөккө оор операция жасала баштады

Түркиядан келген адистер жүрөккө операция жасоо боюнча Ошто жергиликтүү дарыгерлерге тажрыйба бөлүшүштү. «Ош Кардио» медициналык борборунда 3 адам жүрөгүнө оор операция жасатты.

Жүрөк дартына дабаа издеп Жалал-Абаддын Сузак районунан келген Асылбек Маткалыков эми өзүн жакшы сезип жаткандыгын айтты. Ал жакында эле жүрөгүнө операция жасатты.

«Мен 1 жылдан бери стенокардия оорусу менен ооруп келем. Күзүндө Туркиядан врачтар келип операция өткөрөт дегенинен 3 ай мурда каттоодон өтүп кеткенмин. Жакында операция болум. Мен дээрлик эч нерсени сезген жокмун.  Үч жарым саатта чыктым, бир сутка жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Бүт чыгымдар үчүн 7 миң сом сарыптадым.  Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. 6 айдын ичинде сөөк ордуна келип калат, ага чейин оор нерселерди көтөрүү, машина айдоо, көп баспоо керек экен»,-деди Асылбек ава.

Операциядан эсен-аман чыкканына сүйүнгөн Базар-Коргон районун тургуну Ырысбү Мамашева дартынын эмнеден экендигин көп жылдар бою билбей жүргөнүн айтат.

"Ош Кардио" медициналык борбору
"Ош Кардио" медициналык борбору

«Жүрөгүм көп жылдардан бери ооруп келет, бир кармап кийин дагы жакшы болуп калат болчу. Бирок акыркы күндөр тез-тез ооруп калды. Анализ тапшыруу үчүн кардиограммага түшкөндөн кийин, жүрөктүн 3 кан тамырлары бекилип калганы аныкталды. Борбордо жүрөккө операцияга биринчи болуп кирдим. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Жалпы, операцияны кошкондо 9,5 миң сом төлөдүм»,- деди 63 жаштагы Ырысбү апа.

Жакында «Ош Кардио» медициналык борборунда биринчи жолу жүрөккө оор операция жасалды. Буга чейин Ош шаарында жүрөккө жеңил операциялар гана жасалып келген.

Борбордун хирург-дарыгери  Кайрат Осмоналиев мындан ары да жүрөккө оор операциялар жасалып турарын белгиледи.

«Азыркы учурда жүрөк кан тамыр ооруусу менен 51%га жакын адамдар ооруп келет. Бизде техникалык жана адистик жактан жетишпөөчүлүк болгонуна байланыштуу ушул сыяктуу операцияларды жасоого мүмкүнчүлүкбүз жок эле. Акчасы көптөр Бишкекке, Россияга же Казахстанга барып дартына даба издесе, мүмкүнчүлүгү жоктор ден-соолук сурагандан башка айласы жок эле. Биз алардын үмүтүн жандандыруу максатында чет өлкөдөн кесипкөй врачты чакырдык. Операция   3-4 саатка созулуп, абдан жакшы өттү. Мындан ары ушул сыяктуу операциялар улантылат»,- деди К.Осмоналиев.

Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

Ал белгилегендей, пенсионерлер жана майыптар үчүн жеңилдиктер берилет. Борбордо санитардык абалды сактап турган заманбап жабдуулар орнотулган.

Дарыгер К.Осмоналиев жүрөк ооруусуна чалдыкпас үчүн тамеки тартпоо, орточо салмакта жүрүп дене-тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу зарылдыгын айтты.

Мамат Алиев атындагы «Ош Кардио» медициналык борбору 2011-жылы курулган. Борбор башка мамлекеттер менен өнөктөштүктө иш алып барып, техникалык жабдыктар менен жаңыланып турат.

Автор: Назгүл Орзиева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева